Меню навигации+

Жорокулов Максатбек Мергенбаевичтин кайрылуусуна байланыштуу “Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 28-беренесинин 7-бөлүгүнүн экинчи абзацынын конституциялуулугун текшерүү жөнүндө иш боюнча пресс-релиз

19.03.2020

Конституциялык палата 2020-жылдын 18-мартында «Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө» КР конституциялык Мыйзамынын 28-беренесинин 7-бөлүгүнүн экинчи абзацын текшерүү жөнүндө ишти карап чыккан жана талашылып жаткан ченемди Конституцияга карама-каршы келбейт деп тапкан. Талашылып жаткан ченем Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясы тарабынан судьяларга карата алдын ала эскертүү, эскертүү, сөгүш берүү түрүндөгү тартип жазаларын салуу жөнүндө чечимдери даттанууну жокко чыгарат, ал арыздануучунун пикири боюнча кодуланбоонун конституциялык принцибинин, ошондой эле ар кимдин соттук коргонууга укугунун бузулушуна алып келет дейт.

 

Конституцияга ылайык Кыргыз Республикасынын бардык сотторунун судьялары жүрүм-туруму кынтыксыз болуп турганда кызмат орундарын ээлеп турат жана өз ыйгарым укуктарын сактап калат.

 

Кынтыксыздык талаптарын бузуу деп судьянын бийик наамы менен коошпогон, жосундардын олуттуу же болбосо системалуу жасалышы түшүнүлөт.

 

Албетте, судьянын тартиптик жосуну сот тутумунун кадыр-баркына орду толгус залакасын тийгизип, ага болгон бүтүндөй ишенимге шек келтирет. Судьялардын тартип жоопкерчилиги институтунун максаты болуп, сот системасынын натыйжалуулугунун коомго зарыл болгон деңгээлин сактоо кызыкчылыгында маселелерди чечүү саналат. Коомдо пайда болуучу конфликттерди чечүүнү камсыз кылуучу жана укук үстөмдүгүн жана мыйзамдуулукту кепилдеген институт катары сот бийлигинин вазыйпасына жана өзгөчө табиятына карай, судьянын персонасына, анын жүрүм-турумуна, ошондой эле кесиптик милдеттерди аткаруудагы жогорулатылган талаптар акталган болуп саналат жана сот адилеттиги чөйрөсүндөгү Конституция жана эл аралык стандарттар менен макулдашылат.

 

Ушуга байланыштуу, ээлеген кызмат ордунан бошотууга байланышпаган тартип жазаларды салуу жана судьяны тартип жоопкерчилигине тартуу мүмкүнчүлүгүн орнотуу судьянын өзүнүн жүрүм-турумуна жана өзүнүн кесиптик милдеттерди аткаруусуна жогорулатылган жоопкерчиликти камсыздоо үчүн керектүү инструмент болуп саналат.

 

Ошону менен бирге, судьяны тартип жоопкерчилигинин процедурасы судьянын конституциялык-укуктук статусу менен шартталган өзгөчө спецификага ээ болушу керек жана судьянын көз карандысыздыгы менен анын коом алдындагы жоопкерчилиги ортосундагы балансты камсыз кылууга тийиш.

 

Ар бир судьянын анын контролсуздугун жана жоопкерчиликсиздигин билдирбеген көз карандысыздык принцибин камсыздаган негизги инструментарий болуп судьянын алмашылгыстыгы жана кол тийбестиги саналат. Бул касиеттер жеке артыкчылыктар катары каралышы мүмкүн эмес, анткени ал коомдук кызыкчылыктарды, баарыдан мурда сот адилеттигинин кызыкчылыктарын коргоо каражаты катары каралат. Коомдогу кандай гана болбосун кризисти жеңүүнүн жана адамдын укуктарын жана эркиндиктерин коргоонун эффективдүү кепилдиги болуп чыныгы көз каранды жана коомдун ишенимине ээ болгон жалгыз сот гана боло алат. Өз кезегинде, мындай соттун иштеши судьянын өзүнө карата негизсиз айыптоолордон жана зомбулуктан болушунча корголгон жерде гана болушу мүмкүн. Иш жүзүндө толук максаттуу ишке ашырылуучу ишенимдүү процедуралык кепилдиктер судьяларды оюна келгендей жана негизсиз жазалардан, демек, аларга мыйзамсыз кысымдан коргоонун негизги фактору болуп саналат. Тартип жазанын салынуусу жөнүндө чечимди кайталап кароонун ишенимдүү процедурасы жок болгон учурда негизсиз тартип жазасына дуушар болуунун реалдуу коркунучу, судьялардын көз карандысыздыгынын кепилдигинин даражасын кемитип, алар өзүлөрүнүн ыйгарым укуктарын эффективдүү аткарууда тоскоолдуктарга учурашы мүмкүн.

 

Мында судьяга салынган тартип жазасына даттануу мүмкүндүгүн берүү жөнүндө жоболорду камтыган эл аралык стандарттар дагы эске алынууга тийиш. Алсак, Соттук органдардын көз карандысыздыгынын Негизги принциптеринин айрым жоболору (БУУнун Башкы Ассамблеясында 1985-жылдын 29-ноябрындагы жана 1985-жылдын 13-декабрдагы резолюциялар менен жактырылган) судьянын үстүнөн ал өзүнүн судьялык же кесиптик милдеттерин аткаруунун жүрүшүндө келип түшкөн айып же даттануу тийиштүү процедурага ылайык токтоосуз жана калыс каралуу керек деп айтылат. Судья жооп алууга жана адилеттүү териштирилүүгө укуктуу (17-пункт); тартиптик жазалоо, кызмат ордунан четтетүү же бошотуу жөнүндө чечим көз карандысыз текшерүүнүн предмети болуусу керек (20-берене).

 

Ошентип, соттук же башка орган түрүндө судьялардын тартип жоопкерчилиги маселелерин караган тартиптик органдын иштешине мүмкүндүк берген эл аралык укуктук стандарттар улуттук мыйзамдарда кабыл алынып жаткан чечимдердин даттанылуу механизми каралгандай болушун талап кылат.

 

Демек, алдын ала эскертүү, эскертүү же сөгүш сыяктуу тартип жазаларынын түрлөрүн судьяга карата колдонуу жөнүндө Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясынын чечими көз карандысыз текшерүүнүн предмети болушу керек. Муну, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Конституциясы менен кепилденген жана абсолюттук мүнөзгө ээ болгон ар кимдин соттук коргонуу укугу дагы талап кылат (Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 20-беренесинин 2-бөлүгүндө каралган укуктарды чектөөнүн бир дагы конституциялык таанылуучу максаттары, тактап айтканда адамдын, жарандын укуктары менен эркиндиктери улуттук коопсуздукту, коомдук тартипти, калктын саламаттыгын, адеп-ахлагын сактоо, башка адамдардын укуктары менен эркиндиктерин коргоо соттук коргонууга укуктун жүзөгө ашырылуусуна карата чектөөлөрдү киргизүү үчүн негиз болушу мүмкүн эмес).

 

Ошону менен бирге, салттуу түшүнүктө соттук коргонууга укуктун судьялар үчүн жүзөгө ашырылуусу талаш-тартыштын бардык тараптары катыша турган атаандаштыкта сот адилеттигин жүзөгө ашыруунун бардык принциптерин сактоо менен соттук органда жүргүзүлгөндө, ал сот системасынын бүтүндөй кадыр-баркына терс таасирин тийгизбей койбойт. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы ушул маанилүү жагдайларды эске алуу менен, судьялардын соттук коргонуу укугунун жүзөгө ашырылуусу бир аз башкача жол менен болушу мүмкүн деп эсептейт.

 

Соттук өз алдынча башкаруу органдарына, тактап айтканда соттук өз алдынча башкаруу органынын шайланма органы болгон Судьялар кеңешине көз карандысыздыкты камсыз кылуу зарылдыгы менен түздөн-түз байланышта сот бийлигинин кадыр-баркынын сакталышы жүктөлөт. Сот адилеттигин жүзөгө ашырууга ыйгарым укуктуу, даярдыгы мыкты жана кадырлуу судьялардын катарынан, съездде шайлануучу, тек гана судьялардан турган Судьялар кеңеши, баарыдан мурда, судьялардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоого чакырылган, ошондуктан ага Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясынын чечимдерине судьялардын даттанууларын кароо боюнча функциялардын жүктөлгөнү Кыргыз Республикасы өзүнө алган эл аралык милдеттенмелердин да, ар кимдин соттук коргонуу укугу менен сөзсүз түрдө камсыз кылынуусу жөнүндө Конституциянын талаптарынын да көз карашынан орундуу болуп саналат.

 

Демек, мыйзам чыгаруучу административдик-юрисдикциялык орган катары Тартип комиссиясынын статусунан келип чыгып, негиздердин кенен тизмеси боюнча жоопкерчиликтин катаалдыгы менен кайтарылбастыгын жана судьялардын көз карандысыздыгы менен кол тийбестигин камсыз кылуу зарылдыгын болжогон коомдук кызыкчылыктардын балансын эске алуу менен эл аралык милдеттенмелердин жана ар кимдин соттук коргонуу конституциялык укугун камсыздоо менен зарылдыгынын натыйжасынан пайда болуучу укуктук мамилелерди жөнгө салуусу керек.

 

Конституциялык палата тартип өндүрүшүн демилге кылган субъектке тартип жазасы жөнүндө чечимди даттануу укугу берилиши мүмкүн эмес, анткени судьяларда мындай укуктун пайда болушу коомдук кызыкчылыкка ээ экендигин жана анын көз карандысыздык принцибин камсыздоого багытталгандыгын, ал эми башка жактар өзүнүн кызыкчылыктарын коргоо үчүн соттордо жалпы негиздерде толук кандуу мүмкүнчүлүккө ээ экендигин өзгөчө белгилейт.

 

Бул иш боюнча судьялар К.А, Дуйшеевдин, К.Дж. Кыдырбаевдин, Ч.О.Осмонованын, Ж.И. Саалаевдин өзгөчө пикирлери бар.