Меню навигации+

Ирлан уулу Алманбеттин кайрылуусуна байланыштуу «Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарында окуу китептерин ижарага берүүнү этап менен киргизүү» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 16-октябрындагы № 671 токтомунун конституциялуулугун текшерүү жөнүндө иш боюнча пресс-релиз

12.03.2020

Конституциялык палата 2020-жылдын 11-мартында Ирлан уулу Алманбеттин кайрылуусуна байланыштуу «Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарында окуу китептерин ижарага берүүнү этап менен киргизүү» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 16-октябрындагы № 671 токтомунун конституциялуулугун текшерүү жөнүндө ишти карап чыкты жана талашылып жаткан токтомду Конституцияга карама-каршы келбейт деп тапты.

 

Конституциялык палата өзүнүн чечиминде мамлекеттин мүнөздүү белгилеринин бири болуп, ал тарыхый өнүгүүсүнүн кайсы бир этабында экономикалык мүмкүнчүлүктөрдөн ыктыярдуулугу жана көз карандыгы саналат. Мамлекеттин экономикалык мүмкүнчүлүктөрүнүн өсүшүнө карай милдеттердин көрсөтүлгөн көлөмү көбөйүшү мүмкүн жана өзүнө билим берүү процессин гана эмес, окуучуларды ташуу, аларды тамак-аш менен камсыз кылуу, бир калыптагы кийимди акысыз негизде берүү жана башкаларды камтыйт.

 

Бирок, мамлекет тарабынан көрсөтүлүүчү бакубаттуулуктун деңгээли ар кимдин негизги жалпы билимди акысыз алууга укугун камсыз кылуу жөнүндө конституциялык талапты иш жүзүндө жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон минималдуу көлөмдөн төмөн боло албайт.

 

Мында, жогорку технологиялар ѳнүгүп жана адамдын турмуш тиричилигинин көптөгөн чөйрөлөрү санариптештирилип турган шарттарда, окуу материалдарынын жалпыга жеткиликтүүлүгүн башка жолдор менен камсыз кылуу мүмкүн болуп турган маалда, мамлекеттен кагазга басылган окуу материалдарды - китептерди акысыз негизде берүү боюнча милдеттенмесин аткарууну талап кылуу, арыздануучу шилтеме жасап жаткан  конституциялык орнотмолорго ылайык келет деп эсептѳѳ болбойт.

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн каралып жаткан токтому «Билим берүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 45-беренесинин 2-бөлүгүн жүзөгө ашырууда кабыл алынган, ага ылайык «Жалпы билим берүүчү уюмдарда окуу китептерин ижаралоо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.» деп белгиленген.

 

Башка сөз менен айтканда, жалпы билим берүү мекемелеринде китептерди ижаралоо мыйзамда караштырылган, ал эми талашылып жаткан токтом көрсөтүлгөн мыйзамдын жөнгө салуу предметинен тышкары чыккан жаңы жоболорду камтыбайт.

 

Демек, каралып жаткан токтом Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 20-беренесинин 2,3-бөлүктөрү, 5-бөлүгүнүн 9-пункту менен каралган адамдын жана жарандын укуктарына, эркиндиктерине чектөөлөрдү киргизүү жагында эрежелердин сакталышын сынга алып, конституциялык-укуктук баа берилиши мүмкүн эмес.

 

Талашылып жаткан токтом кемсинтүүчү мүнөздөгү жоболорду да камтыган жери жок. Талашылып жаткан акт менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүүчү мекемелеринде китептерди ижаралоо Тартибинин 4-главасында социалдык колдоого муктаж үй-бүлөлөрдүн окуучуларына (үй-бүлөлөргө) окуу китептери бекер же жеңилдетилген шарттарда берилет деп караштырылган. Бул балдардын (үй-бүлөлөрдүн) категориясы жогоруда көрсөтүлгөн конституциялык жана эл аралык жоболордон келип чыкканда, мамлекеттин өзгөчө коргоосунда турган социалдык топтордун катарына кирет.

 

Ошону менен, позитивдүү дискриминацияны колдонуу жолу менен, кайсы бир белгилери боюнча өтө алсыз адамдардын категориясына жогорулатылган кепилдиктерди берүү жолу менен коомдо аныгз тең укуктуулук орнотулган. Тең укуктуулуктун жана кемсинтпөөнүн принциптеринин бузулушу деп эч нерсеге туура келбеген артыкчылыктарды орнотулушу саналат, ал эми бул караалып жаткан учурда мындай жагдай жок.

 

Ошентип, талашылып жаткан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому билим алууга, негизги жалпы жана орто жалпы билимди акысыз алууга, тең укуктуулук менен кемсинтпөөчүлүк, баланын мыкты кызыкчылыктарын камсыз кылууга укуктарды бузбайт, адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктерин чектебейт, демек, Кыргыз Республикасынын Конституциясына да карама-каршы келбейт.