Меню навигации+

USAID-IDLO программасы Конституциялык палатага тейлөө жабдыктарын өткөрүп берди

27.05.2020

«Сотко ишеним» USAID-IDLO программасынын алкагында тейлөө жабдыктарын өткөрүп берүү салтанаты Конституциялык палатада болуп өттү.

 

Жабдыктарды өткөрүп алуу салтанатына Конституциялык палатанын төрагасы К. Дуйшеев, Конституциялык палатанын Аппарат жетекчиси Р. Чикеев, Кыргыз Республикасындагы IDLO региондук директири Фред Хьюстон, ошондой эле аталган эл аралык уюмдун башка өкүлдөрү катышты. Өткөрүп алынган жабдыктардын жалпы суммасы 17475 АКШ долларын түзөт.

 

Жолугушуунун жүрүшүндө Конституциялык палатанын төрагасы К. Дуйшеев Фред Хьюстон мырзаны тейлөө башпаанасы менен, ошондой эле өткөрүп алынган  тейлөө жабдыктарын сактоо жана коопсуздук шарттары менен тааныштырып чыкты.

 

Конституциялык палатанын баш жетекчиси USAID-IDLO программасына соттун ишмердигин санариптештирүүдө көрсөтүлүп жаткан техникалык жардам үчүн ыраазычылыгын билдирип, тейлөө жабдыктарынын жаңыртылышы тийиштүү заманбап талаптарга туура келген жаңы деңгээлге чыгууга өбөлгө болоорун белгилеп кетти.

 

Төраганын пикири боюнча тейлөө жабдыктарынын сапаттуу иштөөсү соттун тармагын тейлөөгө арналган адистештирилген программалык-аппараттык комплекстин натыйжалуу иштешин камсыз кылууга жол берет.

 

Өз кезегинде, Фред Хьюстон мырза өткөрүлүп жаткан соттук реформа алкагында соттун ишмердигин санариптештирүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, берилген маалымат жана USAID-IDLO программасы менен кызматташуу үчүн Конституциялык палатанын төрагасына ыраазычылыгын билдирди.

 

Андан ары, тараптар 2020-жылдын экинчи жарым жылдыгына карата Аракеттер планын талкуулашып, белгиленген маселелердин андан ары бекемделишине жана өнүгүүсүнө бел байлаганын билдиришти.