Меню навигации+

Конституциялык палатанын төрагасы Азия конституциялык сотторунун жана ага шайкеш институттарынын ассоциациясынын IV онлайн-конгрессине катышты

27.08.2020

 












 












 












Учурдагы жылдын 26-27-август күндөрү «XXI кылымдын Конституциясы – укуктун улуктугу, адамдын баалуулугу жана мамлекеттин таасирлүүлүгү» Азия конституциялык сотторунун жана ага шайкеш институттарынын ассоциациясынын (андан ары – Ассоциация) IV конгресси онлайн тартипте өттү.

 

Конгресстин отуруму Казахстан Республикасынын Конституциялык кеңешинин төрагасы К.Мами төрагалыгы алдында болуп өттү, анткени ушул өлкөнүн конституциялык контролдоо органы 2019-2021-жылдарга Ассоциациянын төрагасы болуп шайланган.

 

Иш-чарада Казахстан Республикасынын Президенти Касым-Жоомарт Токаев куттуктоо сөзүн айтып, катышуучуларга жемиштүү иш каалап кетти.

 

Конгресстин иши үч сессияда болуп өттү:

1) Конституция жана укуктун улуктугу: чакырыктар жана чечүүнүн жолдору;

2) Санарип трансформация доорунда адамдын конституциялык укуктарын жана демократиялык баалуулуктарын коргоо;

3) Заманбап жана натыйжалуу мамлекеттин жаңылануусунун конституциялык принциптери.

 

Аталган сессияларда Ассоциация мүчөлөрү баяндама жасашты жана өзүнүн өлкөлөрүндөгү конституциялык контролдоонун, анын ичинде COVID-19 таажы илдети пандемиясына байланыштуу иштердин жүзөгө ашырылуу тажрыйбалары менен бөлүштү.

 

Конституциялык палатанын төрагасы К. Дуйшеев биринчи сессиянын ишинде тематикалык баяндама жасады жана Ассоциация мүчөлөрүнүн чечими менен Конгресстин экинчи сессиясынын жумушун алып барды.

 

К. Дуйшеев өзүнүн баяндамасында COVID-19га байланыштуу 2020-жылы дүйнөдөгү болуп өткөн окуялар кандайдыр бир чектөөлөрдү киргизилүүдө негизги укуктардын жана эркиндиктердин корголушун камсыз кылуунун такыр жаңы милдеттерин конституциялык контролдоо органдарынын алдына койду. Анын пикири боюнча конституциялык контролдоо улуттук укуктук тутумдарда укуктун улуктугунун принцибин бекемдөөнүн жана бекитүүнүн натыйжалуу каражаттарынын бири бойдон кала берет.

 

Ассоциация мүчөлөрү Конгресстин жүрүшүндө Ассоциациянын Уставына санарип технологияларды колдонуу менен протоколдук иш-чараларды өткөрүүнүн тартибин караштырган түзөтүүлөрдү киргизүү жөнүндө чечимди кабыл алышты. Ошону менен бирге, Бангладеш Жогорку соту бир добуштан уюмдун курамына он тогузунчу мүчө болуп кирди.

 

Иш-чаранын катышуучулары Ассоциациянын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн ишмердиги жөнүндө маалымат алышты, алар: Пландаштыруу жана координациялоо боюнча Катчылык (Индонезия), Илимий изилдөөлөр жана өнүгүү боюнча Катчылык (Корея) жана Окутуу жана адам ресурстарын өнүктүрүү борбору (Туркия).

 

Конгресстин жөрөлгөлүү иш-чарасы болуп Азия конституциялык сотторунун жана ага шайкеш институттарынын ассоциациясы жана Конституциялык контролдоо органдарынын Евразиялык ассоциациясы ортосунда соттук-укуктук маселелер боюнча өз ара макулдашуу жөнүндө Меморандумга кол коюлду.

 

Маалымат иретинде:

 

Ассоциация 2010-жылы Азиянын конституциялык юстиция органдарынын региондук форуму катары негизделген.

 

2010-жылдын 12-июлунда Джакарта шаарында (Индонезия) Индонезия, Корей, Малайзия, Монголия, Таиланд, Өзбекстан жана Филиппин конституциялык сотторунун жана ага шайкеш органдарынын жетекчилеринин жыйынтыктоочу жолугушуусу болгон. Анын жыйынтыктары боюнча Азия конституциялык сотторунун жана ага шайкеш институттарынын ассоциациясын түзүү жөнүндө Декларация кабыл алынган.

 

Ассоциация мүчөлөрү тарабынан өз ишмердигинин мезгили ичинде үч Конгресс өткөрүлдү.

 

Ассоциациянын I Конгресси инаугурациялык болуп белгилүү, ал Сеулда (Корей Республикасы) 2012-жылдын 20 майынан тартып 24-майды кошкон күндөрү өткөн. Конгресстин алкагында Сеул Декларациясы кабыл алынган.

 

Ассоциациянын II Конгресси Стамбулда (Туркия Республикасы) 2014-жылдын 27-апрелинен тартып 1-май күнүн кошкондо өткөн. Конгресстин жыйынтыктары боюнча Стамбул Декларациясына кол коюлган.

 

Ассоциациянын III Конгресси Бали аралында (Индонезия) 2016-жылдын 11-12-август күндөрүндө уюштурулган. Конгресстин аягында Ассоциациянын мүчөлөрү Бали Декларациясына кол коюшкан.

 

Ассоциациянын туруктуу иштеген катчылыктары бар, алар Ассоциациянын уставдык максаттарынын илгерилешине мерчемдүү салым кошот. Алар – Индонезия Республикасындагы Пландаштыруу жана координациялоо боюнча Катчылык, Корея Республикасындагы Илимий изилдөөлөр жана өнүгүү боюнча Катчылык жана Туркия Республикасындагы Окутуу жана адам ресурстарын өнүктүрүү борбору.