Меню навигации+

Президент Сооронбай Жээнбеков Конституциялык палатанын төрагасы менен жолукту

04.05.2020

Кыргыз Республикасынын Президенти С. Жээнбеков Кыргыз Республикасынын Конституциясы күнү алдында Конституциялык палатанын төрагасы К.Дуйшеев менен жолукту.

 

Мамлекет башчысы келе жаткан майрам менен Конституциялык палатанын төрагасын жана бүт кыргызстандыктарды куттуктады.

 

С.Жээнбеков конституциялык укуктук тартипти камсыз кылууда Конституциялык палатанын өзгөчө ролун белгиледи. Президент Кыргыз Республикасында конституциялык контролдоону жүзөгө ашыруу жана адамдын, жарандын укуктары менен эркиндиктерин коргоо боюнча андан аркы иштерде ийгиликтерди каалады.

 

Өз кезегинде, Конституциялык палатанын төрагасы К. Дуйшеев Конституциялык палатанын ишмердиги, келерки пландар жана иш-милдеттер, анын ичинде соттун ишмердигин санариптештирүү боюнча кабыл алынып жаткан иш-чаралар жөнүндө айтып берди.