Меню навигации+

Конституциялык палатанын төрагасы Эл аралык илимий-практикалык онлайн-конференцияга катышты

24.04.2020

Учурдагы жылдын 24-апрелинде Конституциялык палатанын төрагасы К. Дуйшеев Казахстан Республикасында президенттин институтунун негизделгенинин 30-жылдыгына арналган Эл аралык илимий-практикалык онлайн-конференцияга катышты.

 

Иш-чарага Казахстандын мамлекеттик түзүмдөрүнүн жетекчилери, Укук аркылуу демократия үчүн Европалык комиссиянын, чет өлкө мамлекеттеринин конституциялык контролдоо органдарынын, ошондой эле илимий коомчулуктун өкүлдөрү катышты.

 

Конференциянын жүрүшүндө мамлекеттик башкаруунун президенттик формасынын конституциялык негиздери жана саясий тажрыйбасы талкууланды.

 

Конституциялык палатанын төрагасы К. Дуйшеев өзүнүн куттуктоо сөзүндө чакырылгандыгы үчүн уюштуруучуларга ыраазычылыгын билдирип, постсоветтик мейкиндикте болуп жаткан конституциялык реформаларга байланыштуу тандалып алынган тематиканын актуалдуулугун белгиледи. Төраганын пикири боюнча, конституционалчылардын кесипкөй илимий коомчулугу мындай учурда болуп көрбөгөндөй жигердүү болуп, ушул саясий-укуктук реформалардын эмнелерге алып келерин, атүгүл альтерантивдүү чечилүү жолдорун айтып бериши керек.

 

Онлайн-конференция менен кийинки шилтеме аркылуу тааныша аласыз: https://www.youtube.com/watch?v=agSRd-z45hM.