Меню навигации+

Конституциялык палатанын өкүлдөрү Укуктун улуктугу маселелери боюнча онлайн-конференцияга катышты

25.06.2020

Учурдагы жылдын 25-июнунда Конституциялык палатанын судьясы М.Р. Бобукеева жана Конституциялык палатанын Аппаратынын эксперттик-аналитикалык бөлүмүнүн башчысы К.Д. Алыбаев адам укуктары боюнча немис институту уюштурган «Европада укуктун улуктугун камсыз кылуу» онлайн-конференциясына катышышты.

 

Аталган иш-чарага Германиянын, Польшанын конституциялык контролдоо органынын жана Жогорку сотунун судьялары жана экс-судьялары, адам укуктары боюнча немис институтунун, Макс Планк атындагы салыштырма коомдук укук жана эл аралык укук институтунун жетекчилери, академиялык коомчулуктун ж.б. өкүлдөрү катышты.

 

Конференциянын жүрүшүндө сот бийлик бутагынын көз карандысыздыгын бекемдөө аркылуу Европа биримдигинде укуктун үстөмдүгүн камсыз кылуунун өзөктүү маселелери талкууланган. Ошентип, катышуучулар пленардык дискуссияларда төмөнкүдөй маселелер боюнча пикир алмашты:

– эмне үчүн сот бийлигинин көз карандысыздыгы биринчи кезектеги мааниге ээ жана ким аны коргойт?

– бул чөйрөдө европалык соттордун ролу кандай?

– Германиянын Федералдык конституциялык сотунун жакынкы арада болгон чечими Европадагы соттордун кызматташуусуна кандай таасирин тийгизет?