Меню навигации+

Конституциялык палатанын судьяларын жана Аппарат кызматкерлерин сыйлоо иш-чарасы ѳттү

05.03.2020

Сот тутумунун кызматкерлеринин күнүнѳ карата Конституциялык палатада ведомстволук сыйлыктарды салтанаттуу тапшыруу аземи болуп ѳттү.

 

Конституциялык палатанын тѳрагасы К.А. Дуйшеев жамаатты кесиптик майрамы менен куттуктап, аларга ийгилик каалап кетти.

 

Мындан тышкары, тѳрага катышуучулардын кѳңүлүн Кыргыз Республикасында белгиленип жаткан Ак калпак күнүнѳ буруп кетти. Тѳраганын пикири боюнча, улуттук маданиятты колдоо жана улуттук баш кийимдин ѳзгѳчѳлүгүн сактап калуу максатында бул майрамдын терең мааниси бар.

 

Андан кийин, сыйлыктарды тапшыруу салтанаты ѳттү. Конституциялык палатанын тѳрагасы К.А. Дуйшеевдин буйругуна ылайык, Кыргыз Республикасынын конституциялык сот адилеттигин өнүктүрүүдө мерчемдүү салымы жана кызматтык милдеттерин кынтыксыз аткарганы үчүн I даражадагы «Ак ниет кызматы үчүн» медалы менен Конституциялык палатанын судьялары М.Ш. Касымалиев жана Ж.И. Саалаев сыйланды.

 

Ошондой эле, ишинде жогорку кѳрсѳткүчтѳргѳ жеткендигине байланыштуу Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын Ардак грамотасы менен Конституциялык палатанын Аппаратынын кызматкерлери Э.Н. Мусаева жана А.А. Асангожоева сыйланды.