Меню навигации+

Конституциялык палатанын төрагасы онлайн-конференцияга катышты

25.06.2020

Учурдагы жылдын 25-июнунда Конституциялык палатанын төрагасы К. Дуйшеев Укук аркылуу демократия үчүн Европа комиссиясынын 30-жылдыгына жана Украина Конституциясынын 24жылдыгына арналган онлайн-конференцияга катышты.

 

Конференциянын тематикасы конституциялык сот өндүрүшүндө чечмелөө көйгөйлөрүн чечүү маселелеринде Венециялык комиссиянын жана конституциялык контролдоо органдарынын өз ара жетишкендиктерине арналган.

 

Иш-чара төмөнкүдөй темаларга арналган төрт сессияда болуп өткөн:

– чечмелөөдө айырмачылыктарды чечүү механизми болгон конституциялык контролдоо;

– өтүнүчтөр, арыздар жана даттануулар боюнча конституциялык сот өндүрүшүндө чечмелөөнүн объекттери;

– конституциялык сот өндүрүшүндөгү чечмелөөнүн субъекттери;

– Конституциялык сотунун чечими чечмелөөнүн акты катары.

 

Конституциялык палатанын төрагасы К. Дуйшеев онлайн-конференциянын үчүнчү сессиясында сүйлөдү жана каралып жаткан маселе боюнча Конституциялык палатанын тажрыйбасынан бөлүштү.

 

Конституциялык палатанын төрагасы Конституцияны чечмелөөнүн башкы субъекти катары конституциялык контролдоо органынын өзүнүн тажрыйбасына таянып келүүсү абдан маанилүү экендигин белгилеп кетти, болбосо, ал соттун башка атаандаш укуктук көз караштардын пайда болуусуна алып келиши мүмкүн деген оюн билдирди.

 

Жалпы жонунан, Конституциялык палатанын төрагасы К. Дуйшеевдин айтуусу боюнча конституциялык контролдоо органынын улуттук укуктук тутумда конституциялык баалуулуктарды бекемдөө аркылуу акт жаратуу чеберчилиги катары чечмелөө өлкөнүн саясий-укуктук режимин демократиялаштырууда айрыкча мааниге ээ.

 

Төрага сөзүнүн аягында ушул конференцияга берилген чакыруу үчүн уюштуруучуларга ыраазычылыгын билдирди.

 

Конституциялык палата «Кыргыз Республикасында укук улуктугу – 2-фаза» Программа менен кызматташуу алкагында онлайн-конференциянын ушул ишине катышкан.