Кыргызстандын студенттери Конституция күнүнө арналган сынакта жарандын укуктары жана жоопкерчилиги тууралуу көз караштарын сунушташты
Конституциялык сотунда Кыргыз Республикасынын Конституция күнүнө арналган студенттик сынактын жеңүүчүлөрүн сыйлоо боюнча салтанаттуу азем болуп өттү.
«Менин укуктарым жана менин жоопкерчилигим: Конституция менин жаран катары жүрүм-турумумду кандайча калыптандырат» аттуу сынак адам укуктары жана жарандын заманбап коомдогу ролу маселелерине кызыгуу менен караган, жогорку деңгээлдеги укуктук ой жүгүртүүсүн жана аналитикалык жөндөмдөрүн көрсөткөн таланттуу жана демилгелүү студенттерди бириктирди.
Салтанаттуу азем Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимнин аткаруу менен башталды. Катышуучуларга Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун төрагасы Эмиль Жолдошевич Осконбаев куттуктоо сөзүн сүйлөдү. Ал өз сөзүндө жаштардын укуктук мамлекетти чыңдоодогу өзгөчө ролун белгилеп, студенттерде Конституцияга, мыйзамдарга жана демократиялык баалуулуктарга болгон урмат-сыйды калыптандыруунун маанилүүлүгүн баса белгиледи.
Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун судьялары куттуктоо сөздөрүн айтып, жаштардын демилгелерин колдоорун билдиришип, сынакка сунушталган иштердин жогорку деңгээлин белгилешти.
Сынак студенттер арасында чоң кызыгууну жаратып, жарандык жоопкерчилик, укуктук маданият жана конституциялык аң-сезим маселелерин талкуулоо үчүн маанилүү аянтча болду. Сынакка юридикалык багыттагы студенттер гана эмес, башка факультеттердин жана билим берүү уюмдарынын студенттери да кызыгуу көрсөтүшкөнү кубандырат. Бул жаштардын Конституцияга, жарандын укуктары жана милдеттерине болгон кызыгуусунун өсүп жатканын айгинелейт.
Kыргыз Республикасынын Конституциялык соту 10 жылдан ашуун убакыттан бери жаштардын укуктук сабаттуулугун жогорулатуу, Конституцияга болгон урмат-сыйды бекемдөө жана жоопкерчиликтүү жарандардын муунун калыптандыруу максатында ушундай сынактарды өткөрүп келет. Бул демилге жаштар арасында укуктук маданиятты өнүктүрүүгө, активдүү жарандык позицияны калыптандырууга жана конституциялык баалуулуктарга болгон кызыгууну арттырууга өбөлгө түзөт.
Сынактын жыйынтыгы боюнча жеңүүчүлөр төмөнкүлөр болушту:
III орун — Борбор Азиядагы Эл аралык университетинин «Юриспруденция» багытынын 2-курсунун студенти Шеркулова Каныкей;
II орун — Борбор Азиядагы Эл аралык университетинин «Юриспруденция» багытынын 3-курсунун студенти Мусаджанов Батырбек Кенешбекович Бишкек шаарында өтүүчү Конституционализмдин жайкы мектебине катышуу мүмкүнчүлүгү менен сыйланды;
I орун — Кара-Балта шаарындагы Кыргыз медициналык-стоматологиялык институтунун 2-курсунун студенти Асылбеков Азирет Нурлисович Ысык-Көлдө өтүүчү Конституционализмдин жайкы мектебине катышуу мүмкүнчүлүгү менен сыйланды.
Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту сынактын жеңүүчүлөрүн куттуктап, бардык катышуучуларга активдүү жарандык позициясы жана конституциялык баалуулуктарга болгон кызыгуусу үчүн ыраазычылык билдирет. Ошондой эле сынакты колдоосу жана катышуучулар үчүн эстелик белектерди тартуулаганы үчүн «Сивикс» коомдук фондуна өзгөчө ыраазычылык билдирилет.







