Меню навигации+

Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунда Жогорку Кеңештин Вице-спикери жана депутаттары менен жолугушуу болуп өттү

05.05.2026

Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунда Конституциялык соттун төрагасы Эмиль Жолдошевич Осконбаев баш болгон судьялардын Жогорку Кеңештин Төрагасынын биринчи орун басары Медербек Кубанычович Алиев жана Жогорку Кеңештин депутаттары менен 5-май – Кыргыз Республикасынын Конституция күнүнө каратажумушчу жолугушуусу болуп өттү.

 

Жолугушууга Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана Регламент боюнча комитетинин төрайымы Гульнара Орозбековна Акимбаева, аталган комитеттин төрагасынын орун басары Мирланбек Канатбекович Жеенчороев, Сот-укуктук маселелер, укук тартиби, кылмыштуулукка каршы күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитеттин төрагасынын орун басары Жылдыз Кочкоралиевна Курманалиева, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык соттогу  туруктуу өкүлү Айдарбек Касымалиевич Осмонов катышты.

 

Жолугушуу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын күнүн белгилөөнүн алдында өтүп, Конституциялык сот менен Жогорку Кеңештин ортосундагы өз ара аракеттенүүнү чыңдоо, ошондой эле kонституциялык сот адилеттигин өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелерин талкуулоого арналды.

 

Жолугушууну ачып жатып, Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун Төрагасы Э. Ж. Осконбаев төмөнкүлөрдү белгиледи: «Конституция — бул мамлекеттин Негизги мыйзамы гана эмес, элдин эркин, адамдын кадыр-баркын жана укук менен адилеттүүлүккө болгон ишенимди чагылдырган фундаменталдык укуктук таяныч. Ал мамлекеттик бийликтин бардык бутактары үчүн жалпы өнүгүү багытын аныктап, алардын тең салмактуу иштешин камсыздайт.

 

Конституциялык сот менен Жогорку Кеңештин ортосундагы институттук өз ара аракеттенүү өзгөчө мааниге ээ. Бул институттар өз ыйгарым укуктарынын чегинде иш алып баруу менен бири-бирин толуктап турат: парламент мыйзам чыгаруу иши аркылуу конституциялык ченемдерди ишке ашырса, ал эми Конституциялык сот – алардын үстөмдүүлүгүн жана түздөн-түз колдонулушун камсыздайт. Мындай өз ара аракеттенүү укуктук системанын туруктуулугунун жана конституциялык мыйзамдуулуктун бекемделишинин негизин түзөт».

 

Өз кезегинде М. К. Алиев: «Конституция мыйзам чыгаруу ишинде негизги багыт берүүчү жана мамлекеттин туруктуу өнүгүүсүнүн негизи болуп саналат. Жогорку Кеңеш менен Конституциялык соттун натыйжалуу институттук өз ара аракеттенүүсү мыйзамдардын сапатын жогорулатууга, укуктук саясаттын шайкештигин камсыз кылууга жана жарандардын укуктары менен эркиндиктерин ишенимдүү коргоого өбөлгө түзөт»-деп белгиледи.

 

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар мыйзам чыгаруу ишмердүүлүгүн өркүндөтүү, укук колдонуу практикасынын натыйжалуулугун жогорулатуу, ошондой эле Конституциялык сот менен Жогорку Кеңештин ортосундагы институттук өз ара аракеттенүүнү мындан ары өнүктүрүү маселелерин талкуулашты.

 

Ошондой эле мамлекеттик органдардын Конституциянын үстөмдүгүн камсыз кылууда жана укуктук мамлекеттин принциптерин бекемдөөдө координацияланган иш алып баруусунун зарылдыгына өзгөчө көңүл бурулду.

 

Жолугушуу конструктивдүү жана ишкердик маанайда өтүп, тараптардын кызматташууну мындан аркы өнүктүрүүгө өз ара кызыкдарлыгын тастыктады.