Бишкек ш., 2026-жылдын 4-марты
Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунда расмий жолугушуу болуп өтүп, анын жүрүшүндө судьялар корпусуна Жогорку Кеңештин Конституциялык соттогу жаңы туруктуу өкүлү — Осмонов Айдарбек Касымалиевич тааныштырылды.
Жаңы өкүлдү Жогорку Кеңештин Аппаратынын жетекчиси Алмасбек Абытов тааныштырды.
Конституциялык соттун төрагасы Эмиль Осконбаев куттуктоо сөзүндө Парламент менен конституциялык контролдоо органынын ортосундагы конструктивдүү диалог өлкөнүн укуктук туруктуулугунун маанилүү кепилдиги экенин белгиледи.
«
Жогорку Кеңеш — мыйзам чыгаруу бийлигинин жогорку органы катары мамлекеттин укуктук системасынын пайдубалын түптөйт. Ал эми Конституциялык соттун милдети — Баш мыйзамдын үстөмдүгүн камсыз кылуу. Биздин натыйжалуу өз ара аракеттенүүбүз улуттук мыйзамдардын сапатын жогорулатууга жана укуктун үстөмдүгүн бекемдөөгө түздөн-түз өбөлгө түзөт», — деп белгиледи Эмиль Осконбаев.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар биргелешкен иштин негизги багыттарын: Конституциялык соттун чечимдеринин натыйжалуу аткарылышын камсыз кылуу, Конституциянын үстөмдүгү принциптерин илгерилетүү боюнча өз ара аракеттенүү, ошондой эле адилеттүүлүктү жана укуктук системанын натыйжалуулугун камсыз кылуу максатында институционалдык кызматташууну бекемдөө маселелерин талкуулашты.
Өз кезегинде Айдарбек Осмонов ачык жана жигердүү кызматташууга даяр экенин билдирип, анын ишмердүүлүгү конституциялык сот өндүрүшүнүн алкагында Парламенттин ыйгарым укуктарын натыйжалуу ишке ашырууга багытталарын белгиледи.
Жолугушуу иштиктүү жана конструктивдүү атмосферада өтүп, бийлик институттарынын Кыргыз Республикасында конституциялык мыйзамдуулукту системалуу түрдө бекемдөөгө болгон өз ара умтулуусун дагы бир жолу тастыктады.
04.03.2026
Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунда жаштарды укуктук агартуу программасынын алкагында студенттер менен кезектеги жолугушуу өттү. Бул иш-чара өлкөнүн конституциялык контролдоонун жогорку органы тарабынан уюштурулуп жаткан Ачык эшиктер күндөрүнүн быйылкы жылдагы экинчи жолугушуусу болду.
Бул жолу соттун ишмердиги менен таанышуу үчүн Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин юридика факультетинин 1 жана 2-курсунун студенттери келишти.
Иш-чара Конституциялык соттун тарыхый имараты боюнча экскурсиядан башталды. Студенттер Кыргызстанда конституциялык сот адилеттигин өнүктүрүү үчүн маанилүү чечимдер кабыл алынуучу имараттын архитектурасы жана өзгөчө атмосферасы менен таанышышты.
Соттун аппаратынын кызматкерлери болочок юристтерге Конституциялык соттун түзүмү жана ишмердүүлүгүнүн негизги багыттары тууралуу маалымат беришти. Ошондой эле судьялардын ишин уюштуруучулук жана аналитикалык жактан камсыз кылуудагы Аппараттын ролу, эксперттик бөлүмдөрдүн ишинин өзгөчөлүктөрү тууралуу айтып беришти.
Соттук жыйындар залы студенттер үчүн өзгөчө кызыгууну жаратты. Аларга конституциялык угууларды өткөрүүнүн тартиби жана иштерди кароонун өзгөчөлүктөрү көрсөтүлдү.
Программанын негизги бөлүгүндө студенттер Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун судьясы Меергүл Рыскулбековна Бобукеева менен жолугушушту. Өз сөзүндө ал студенттерге Конституциялык соттун миссиясы, Конституциянын үстөмдүгүнүн мааниси жана жарандардын конституциялык укуктарын коргоонун механизмдери тууралуу айтып берди.
Жолугушуу ачык диалог форматында уланды. Студенттер Конституциялык сотко кайрылууларды кароонун тартиби, судьяга коюлган кесиптик жана этикалык талаптар, ошондой эле конституциялык сот адилеттиги тармагындагы иштин өзгөчөлүктөрү тууралуу суроолорду активдүү беришти.
М.Р. Бобукеева белгилегендей, сот системасы сот имараттарына же мантияларга эмес, анда иштеген адамдардын ички күчүнө – ак ниеттүүлүгүнө, интеллектуалдык тартибине жана чечимд...
26.02.2026
Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунда Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин юридикалык факультетинин 2-курсунун студенттери үчүн Ачык эшик күнү өткөрүлдү.
Студенттер конституциялык көзөмөл органынын ишмердүүлүгү жана анын мамлекеттик бийлик системасындагы орду менен таанышышты. Аларга аппараттын иши — кайрылууларды каттоо жана алдын ала кароодон тартып, иштерди соттук отурумдарга даярдоого чейинки процесстер тууралуу маалымат берилди. Кайрылуулардын жол берилүүчү критерийлерине жана иштерди кароонун практикалык өзгөчөлүктөрүнө өзгөчө көңүл бурулду.
Программанын алкагында Конституциялык соттун төрагасынын орун басары Дүйшеев Карыбек Арстанбекович менен жолугушуу болду. Диалогдун жүрүшүндө юристтердин кесиптик даярдыгы, сот системасында иштөөгө коюлуучу талаптар жана судья менен юристтин Конституция алдындагы жоопкерчилиги талкууланды.
Мындай жолугушуулар болочок юристтерге конституциялык сот адилеттигинин маанисин терең түшүнүүгө, теория менен практиканын байланышын бекемдөөгө жана укуктук маданиятты өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт.

19.02.2026
Бишкек шаары, 2026-жылдын 19-февралы
Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту «CИВИКС» коомдук фондунун техникалык колдоосунда күн сайын укукка байланыштуу иш алып барган жана укук колдонуу практикасын калыптандырган адистер үчүн кесиптик талкуу аянтчасы – Конституционализм мектебин өткөрдү. Иш-чара Бишкек шаарындагы «Амбассадор» мейманканасынын конференц-залында өттү.
Мектеп формалдуу лекциялар цикли катары эмес, конкреттүү укуктук кырдаалдарда Конституция кантип иштей тургандыгы тууралуу ачык диалог форматында уюштурулду.
Иш-чараны ачып жатып, Конституциялык соттун Төрагасы Эмиль Осконбаев укуктук системанын туруктуулугу конституциялык ченемдерди бир түрдүү түшүнүүдөн башталарын белгиледи.
Биринчи сессия мамлекеттик бийлик системасында Конституциялык соттун ролуна арналды. Катышуучулар конституциялык контролдоо органынын статусунун өзгөчөлүктөрүн, анын ыйгарым укуктарынын чектерин жана бийлик бутактарынын тең салмактуулугун камсыз кылууда институционалдык көз карандысыздыктын маанисин талкуулашты.
Конституциялык соттун судьясы Чинара Айдарбекова конституциялык сот өндүрүшүнүн механизмине кеңири токтолду. Кайрылууларда жол берилген критерийлер жана процессуалдык фильтрлер, иштерди кароодо жарандык, административдик жана кылмыш-жаза сот өндүрүштөрүнө салыштырмалуу өзгөчөлүктөрү практикалык кызыгуу жаратты.
Күндүн экинчи бөлүгүндө Конституциялык соттун судьясы Меергуль Бобукеева ченемдик укуктук актылардын конституциялуулугун баалоодо укуктук принциптердин жана доктриналардын колдонулушунун талдоосун сунуштады.
Мектептин практикалык бөлүгү чакан топтордо иштөө форматында өттү. Катышуучулар укуктук кырдаалдарды моделдештирип, укуктук позицияларды иштеп чыгышты жана конституциялык-укуктук баалоонун алгоритмин түзүштү. Мындай формат теориядан колдонмо талдоого өтүүгө жана кесиптик тажрыйба алмашууга шарт түздү.
Жыйынтыктоочу сессия Конституциялык соттун чечимдеринин юридикалык күчүнө жана аларды аткаруу маселелер...
17.02.2026
2026-жылдын 17-февралында Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту 2010-жылдагы Кыргыз Республикасынын Конституциянын тиешелүү жоболору жана 2021-жылдын 11-апрелиндеги референдумда (бүткүл элдик добуш берүүдө) кабыл алынган “Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жоболору менен системалуу өз ара байланышта 2021-жылдын 5-майындагы Мыйзамдын редакциясындагы Конституциянын 67-беренесин, 68-беренесинин 2-бөлүгүнүн экинчи абзацын, 72-беренесинин 1-бөлүгүн расмий чечмелөө берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин сунушун карап чыгып, төмөнкүдөй тыянакка келди.
Конституция – бул баарыдан мурда коомдук бийликтин түзүлүшүнүн жана иштөөсүнүн уюштуруучулук ченемдик негизи. Өзүнүн табияты боюнча Конституция туруктуу болууга багытталган, анткени ал укуктук тартиптин биримдигин жана алдын ала болжолдонушун камсыз кылат. Ошол эле учурда ал коомдук турмуштун объективдүү өзгөрүүлөрүнө жооп кайтарууга жана жаңы чакырыктарга жооп катары бийликти уюштуруу механизмдеринин түпкү башатын бузбастан, оңдоого жөндөмдүү жандуу документ катары өзүнүн сапатын жоготпойт.
Кыргызстан эли мамлекеттик бийликтин жападан-жалгыз булагы катары 2021-жылдын 11-апрелинде өткөрүлгөн референдум (бүткүл элдик добуш берүү) аркылуу жаңы Конституцияга уюштуруучулук легитимдүүлүктү берип, коомдук бийликти кайра түзүүнүн архитектурасын аныктаган.
Мамлекеттүүлүктүн өнүгүшүндө бир конституциялык моделден башкасына өтүү объективдүү жол берилген көрүнүш болуп саналат. Ошону менен бирге конституциялык трансформацияга жол берилишинин фактысынын өзү анын юридикалык тактыгына карата талапты жокко чыгарбайт. Башкысы болуп Негизги мыйзамдын текстин өзгөртүү эмес, бир ченемдик конструкциядан экинчисине өтүү ыкмасы жана логикасы негизги болуп саналат. Укуктук режимдин анык эместиги менен коштолгон конституциялык ажырым коомдук бийликтин легитимдүүлүгүн солгундатып жана анын туруктуулугуна шек келтирип, карама-каршылыкты жаратып, укуктук аныктык принцибин бузушу мүмкүн. Тиешелүү түр...
17.02.2026
17-февралда саат 10:00дө Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Конституциясынын айрым беренелерин чечмелөө жөнүндө сунуштамасын кароого киришти.
Кароо жазуу жүзүндөгү жол-жобо тартибинде (тараптардын катышуусуз) жүргүзүлөт.
Кароонун жыйынтыгы боюнча чечим кабыл алынып, Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун расмий сайтында жарыяланууга тийиш.
12.02.2026
2026-жылдын 12-февралында Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунда биринчи жолу дайындалган жергиликтүү соттордун судьялары үчүн уюштурулган үч күндүк стажировка аяктады. Программа 10-февралда башталып, судьялардын кесиптик адаптацияланышына жана соттук ишинде Конституциянын ролун комплекстүү түшүнүүсүн калыптандырууга багытталды.
Стажировка Конституциялык соттун конституциялык маданиятты бекемдөөгө жана Негизги мыйзамдын ченемдерин ар күндүк сот практикасында колдонуунун практикалык көндүмдөрүн өнүктүрүүгө багытталган системалуу ишинин бөлүгү болду.
Программанын алкагында катышуучулар Конституциялык соттун ишмердүүлүгү, мамлекеттик бийлик органдарынын тутумундагы орду жана ролу, конституциялык сот өндүрүшүнүн өзгөчөлүктөрү, судьялардын Конституциялык сотко кайрылуу тартиби жана анын чечимдеринин юридикалык күчү менен кеңири таанышты. Ар кандай категориядагы иштер боюнча Конституциялык соттун чечимдеринде берилген укуктук позицияларга жана алардын жалпы юрисдикциядагы соттор тарабынан практикалык колдонулушуна өзгөчө көңүл бурулду.
Практикалык бөлүк судьялардын Конституциялык сотко жолдонулуучу суроо-талаптардын долбоорлорун даярдоо, кейстерди талдоо жана конкреттүү соттук кырдаалдарда укуктук позицияларды колдонуу механизмдерин талкуулоо иштерин камтыды. Ошондой эле катышуучулар Конституциялык соттун жылдык баяндамалары жана анын расмий интернет-сайтында жайгаштырылган маалыматтык материалдар менен таанышты.
Стажировканын биринчи күнүндө катышуучуларга Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун Төрагасы Осконбаев Эмиль Жолдошевич куттуктоо сөзү менен кайрылып, ар күндүк сот практикасында конституциялык баалуулуктардын маанисин жана Конституциянын үстөмдүгүн камсыз кылууда судьянын өзгөчө жоопкерчилигин баса белгиледи.
Лекциялык жана практикалык сабактарды Конституциялык соттун Төрагасы Осконбаев Эмиль Жолдошевич, судьялар Айдарбекова Чынара Аскарбековна, Бобукеева Меергүл Рыскулбековна, Шаршеналиев Жамиль Асанбекович, ошондой эле Конституциял...
11.02.2026
Пресс-анонс
2026-жылдын 11-февралы
Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотуна Кыргыз Республикасынын Конституциясына расмий чечмелөө берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин сунуштамасы келип түштү
Сунуштамада көрсөтүлгөндөй, кайрылуунун зарылдыгы коомдук-саясий мейкиндикте жана эксперттик чөйрөдө кызуу талкуулардын натыйжасында Кыргыз Республикасынын иштеп жаткан Президентинин ыйгарым укуктарынын мөөнөтүн, ошондой эле кезектеги же мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоолорду дайындоо тартибин жөнгө салуучу конституциялык жоболорду карама-каршы түшүнүктүн пайда болушу менен шартталган.
Ошондой эле 2021-жылдын 11-апрелинде референдумда (жалпы элдик добуш берүүдө) кабыл алынган “Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жоболору, бир катар эксперттердин пикири боюнча, коллизияны жаратып, Кыргыз Республикасынын Конституциясына (Кыргыз Республикасынын 2010-жылдын 27-июнундагы Мыйзамынын редакциясында) ылайык шайланган Президенттин ыйгарым укуктарынын башталышын жана узактыгын бир түрдүү эмес чечмелөөгө жол берери көрсөтүлгөн.
Юристтер, укук таануучулар жана коомдук ишмерлер тарабынан айтылган карама-каршы укуктук позициялар мамлекеттик бийлик институттарынын туруктуу жана мыйзамдуу иштеши үчүн фундаменталдык мааниге ээ болгон маселелер боюнча конституциялык-укуктук аныксыздык пайда болгонун көрсөтөт деп белгиленген.
Сунушталган материалдарга ылайык, көрсөтүлгөн аныксыздык конституциялык түзүлүштүн негиздерине, элдик бийликтин принцибине, Конституциянын үстөмдүгүнө жана түздөн-түз колдонулушуна, укуктук аныктыкка, Конституцияга жана конституциялык мыйзамдарга ылайык шайлоо өткөрүүнүн тартибине жана мөөнөттөрүнө, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарына түздөн-түз таасирин тийгизет.
Муну менен катар бийлик жана шайлоо маселелери коомчулук үчүн маанилүү болгон шартта мындай кайчы пикирлердин сакталышы бул укуктук талаш-тартыштардын курч саясий тире...
29.01.2026
2026-жылдын 29-январында Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунда Конституциялык соттун жана анын аппаратынын 2025-жылдагы ишинин жыйынтыгы боюнча чогулуш өттү.
Чогулушта, отчеттук жыл Конституциялык сот үчүн конституциялык көзөмөл органынын 35 жылдыгына арналган юбилейлик иш-чараларды өткөрүү, ишмердүүлүктүн системалуу туруктуулукка өтүшү, ошондой эле конституциялык баалуулуктарды жайылтуу, укуктук маданиятты чыңдоо жана мамлекеттик органдар, кесиптик жана академиялык коомчулук менен өз ара аракеттенүүнү кеңейтүү багытында активдүү өнүгүү мезгили болгондугу белгиленди. Конституциялык соттун судьялары Аппараттын активдүү колдоосунда бул багыттарга конституциялык сот өндүрүшүн жүзөгө ашыруу менен катар олуттуу көңүл бурушту.
2025-жылы Конституциялык сот тарабынан 10 чечим жана 13 токтом, анын ичинде кабыл алынган чечимдерди түшүндүрүү боюнча 2 соттук акт кабыл алынды. Судьялар коллегиялары тарабынан 38 кайрылуу каралып, алардын ичинен 18и өндүрүшкө кабыл алынды. Конституциялык соттун аппараты тарабынан 56 кайрылуу алдын ала кароо тартибинде каралды.
Отчеттук жылда Конституциялык сот Жогорку Кеңеш, Жогорку сот, Башкы прокуратура, Акыйкатчы, Юстиция министрлиги, ошондой эле билим берүү жана кесиптик аудиториялар менен кызматташтыкты ырааттуу түрдө өнүктүрдү. 5 жогорку окуу жайы жана мамлекеттик мекемелер менен кызматташтык жөнүндө меморандумдарга кол коюлуп, бул Конституциялык соттун чечимдерин аткаруу, юридикалык билим берүү жана илим чөйрөсүндө системалуу жана узак мөөнөттүү иш жүргүзүүгө мүмкүндүк берди.
Конституциялык соттун судьялары өлкөнүн алдыңкы жогорку окуу жайларында өткөн көп сандаган жерине баруу менен лекцияларга жана эксперттик жолугушууларга катышты. Судьялар, юристтер, адвокаттар, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү жана юридикалык факультеттердин окутуучулары үчүн конституционализм боюнча 6 мектептин өткөрүлүшү өзгөчө мааниге ээ болду.
Юбилейлик иш-чаралардын алкагында «Жаңы демократия өлкөлөрүндө конституциялык сот адилеттигинин калы...
27.01.2026
2026-жылдын 14–20-январь күндөрү Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун аппаратынын консультанты Жанышбекова Н. Япониянын Japan’s Friendship Ties Program “MIRAI” аттуу эл аралык программасына катышты.
Программа Европа, Азия жана Кавказ өлкөлөрүнөн келген жаш адистерди бириктирип, Япониянын укуктук тутумун, мамлекеттик саясатын жана негизги мамлекеттик жана укуктук институттардын иш тажрыйбасын изилдөөгө багытталган.
Программанын алкагында Япониянын Жогорку сотунда, Япониянын Тышкы иштер министрлигинде, БУУнун Кылмыштуулук жана адилеттүүлүк боюнча окутуу-изилдөө институтунда (UNAFEI), Япониянын Юстиция министрлигине караштуу Эл аралык кызматташтык департаментинде, ошондой эле Keio университетинде жана Nishimura & Asahi юридикалык фирмасында лекциялар жана жумушчу жолугушуулар өткөрүлдү.
Иш-чаралардын жүрүшүндө сот тутумунун уюштурулушу, укуктун үстөмдүгүн камсыздоодогу сот бийлигинин ролу, эл аралык укуктук кызматташтык жана заманбап укук колдонуу тажрыйбалары боюнча маселелерге өзгөчө көңүл бурулду. Программа лекцияларды, эксперттик жолугушууларды, жумушчу талкууларды жана катышуучулар менен адистердин ортосунда кесиптик тажрыйба алмашуун...