Таласта Эгемендүүлүктүн 35 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чаралар өтүүдө
11-сентябрда Талас шаарында Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына арналган башкы майрамдык иш-чаралар өтүүдө. Ага Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун төрагасы Э. Осконбаев катышууда.
Акыркы жылдары Эгемендүүлүк күнүнө арналган негизги майрамдык иш-чаралар жана расмий салтанаттар кезек-кезеги менен өлкөнүн ар кайсы облустарында өткөрүлүп келет. 2025-жылы мындай иш-чара Жалал-Абад облусунда өткөн. Ал эми быйыл Эгемендүүлүктүн 35 жылдыгы Талас облусунда белгиленүүдө.
Талас шаарынын борбордук аянтында Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусун салтанаттуу көтөрүү аземи – башкы иш-чаралардын бири болду. Ага Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров катышты. Аземдин жүрүшүндө Мамлекет башчысы кыргызстандыктарды Эгемендүүлүктүн 35 жылдыгы менен куттуктады.
Юбилейлик датага арналган, майрамдык иш-чаралардын алкагында, жаңыланган «Манас Ордо» тарыхый-маданий комплексинин ачылыш аземи болуп өттү.
Ошондой эле юбилейлик датага карата Талас облусунда жаңы социалдык жана инфраструктуралык объектилердин ачылыш аземи болуп, ишке киргизилди. Мындан тышкары маданий жана коомдук иш-чаралар өтүүдө.








