Меню навигации+

Чолпон-Атада  II Конституциялык окуулар аяктады

29.06.2026

2026-жылдын 26–28-июнунда Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту Кыргыз Республикасынын Эл аралык университети менен биргеликте “Адамдын укуктары менен эркиндиктеринин конституциялык кепилдиктери: жалпы теория жана майыптыгы бар  адамдардын жана калктын социалдык жактан аярлуу башка категорияларынын укуктарын камсыздоонун өзгөчөлүктөрү” темасында II Конституциялык окууларды өткөрдү.

 

Иш-чараны ачып жатып, Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун төрагасы Эмиль Осконбаев Конституциянын чыныгы күчү укуктарды жана эркиндиктерди жарыялоодо гана эмес, оболу аларды ар бир адам, айрыкча коргоонун кошумча мамлекеттик кепилдиктерине  муктаж болгондор тарабынан иш жүзүндө жана бирдей деңгээлде пайдаланууда экендигин белгиледи. Ал сот адилеттигинин жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу, укуктук тоскоолдуктарды жоюу жана майыптыгы бар адамдардын, ошондой эле социалдык жактан аярлуу башка категориядагы жарандардын укуктарын коргоонун конституциялык механизмдерин бекемдөө укуктук мамлекеттин жана коомдун жетилгендигинин эң маанилүү көрсөткүчтөрүнүн бири экендигин белгилеп өттү.

 

Пленардык жыйындын алкагында Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун судьясы Чинара Айдарбекова Конституциялык соттун укуктук позицияларындагы мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын конституциялык-укуктук статусу тууралуу баяндама жасап, теңчилик жана басмырлоого жол бербөө маселелери боюнча соттун практикасынан мисал келтирди.

 

Катышуучулар пленардык жыйындын жана үч тематикалык панелдик сессиянын жүрүшүндө сот адилеттигине жеткиликтүүлүк, социалдык укуктарды ишке ашыруу, санариптик жеткиликтүүлүк, адам укуктарын коргоонун эл аралык стандарттары жана БУУнун Майыптыгы бар адамдардын укуктары жөнүндөгү конвенциясын аткаруу маселелерин талкуулашты.

 

Конституциялык окуулардын жыйынтыгында катышуучулар адам укуктарын коргоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарды жана укук колдонуу практикасын өркүндөтүүгө, сот адилеттигине жеткиликтүүлүктү кеңейтүүгө, инклюзивдүү чөйрөнү өнүктүрүүгө жана калктын социалдык жактан аярлуу категорияларынын укуктарын камсыз кылуу маселелеринде ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүнү чыңдоого багытталган сунуштарды иштеп чыгышты.

 

Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту II Конституциялык окууларды уюштурууга жана өткөрүүгө кошкон үзүрлүү салымы үчүн Кыргыз Республикасынын Эл аралык университетине, ошондой эле иш-чараны өткөрүүгө колдоо көрсөткөн Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасына (БУУӨП), «Кыргызстандын юристтери» жана «Кыргызстандын социалдык иш мектептеринин ассоциациясы» коомдук бирикмелерине ыраазычылык билдирет.