Меню навигации+

Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнү менен!

30.08.2026

Урматтуу мекендештер!

 

Сиздерди Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм!

 

Эгемендүүлүк  күн – өлкөбүздүн тагдырына кайдыгер карабаган бардык  жарандарды  бириктирген өзгөчөлүү майрам. Ал бизге эгемендүүлүктү көздүн карегиндей сактоонун, өлкөбүздүн өнүгүү жолун өз алдынча аныктоонун, тарыхыбызды, маданиятыбызды жана каада-салттарыбызды аздектеп, жаркын келечекти  биргелешип куруунун маанилүү экендигин эске салат.

 

Эгемендүүлүк мамлекеттик чек аралар, мамлекеттик символдор же тарыхый даталар менен гана чектелбейт. Ал күнүмдүк жашоодо — адамды урматтоодо, бири-бирин колдоодо, Мекенди сүйүүдө жана өз өлкөсүнө пайда алып келүүгө чын дилден умтулууда гана чыныгы мааниге ээ болот. Дал ушундай ар күнкү иш-аракеттерден мамлекеттин күчү жаралат.

 

Кыргызстандын башкы байлыгы да,  күчү да  дайыма анын эли болуп келген жана болуп кала берет. Элибиздин акылмандыгы, бийик адамгерчилиги, эмгекчилдиги, кайраты жана жерине болгон сүйүүсү менен өлкөбүз ар кандай сыноолордон татыктуу өтүп келди.

 

Мекенди сүйүү, тарыхыбызга жана маданиятыбызга болгон урмат-сый, өлкөнүн тагдыры үчүн жоопкерчилик сезим ар бир үй-бүлөдө муундан-муунга берилип келет. Дал ушул дөөлөттөрдүн уланмалуулугу элибиздин биримдигин бекемдеп, анын дүйнө таанымынын булагы жана мамлекетибиздин мындан аркы өнүгүүсүнүн бекем пайдубалы болуп кызмат кылат.

 

Майрам күнүндө ар бир үй-бүлөгө чың ден соолук, бакты-таалай жана бакубат жашоо каалайм. Асманыбыз ачык болуп, Эгемендүүлүк Туусу ар дайым желбиреп турсун!

 

Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнү менен!

 

Урматтоо менен,

Кыргыз Республикасынын
Конституциялык сотунун Төрагасы         Эмиль Осконбаев