Конституциялык сот бажы төлөмдөрүн өндүрүп алуу мөөнөттөрү боюнча кайрылууну өндүрүшкө кабыл алды
Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту Кыргыз Республикасынын «Бажылык жөнгө салуу жөнүндө» Мыйзамынын 3, 5, 77 жана 83-беренелеринин жоболорунун Евразия экономикалык бирлигинин Бажы кодексинин жоболору менен өз ара байланышта Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 6-беренесинин 3, 5-бөлүктөрүнө, 24-беренесинин 1-бөлүгүнө, 56-беренесинин 2-бөлүгүнө жана 61-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык келүүсүн текшерүү жөнүндө кайрылууну өндүрүшкө кабыл алды.
Талашка алынган жоболор бажы мыйзамдарынын убакыт боюнча колдонулушун, мөөнөттөрдү эсептөөнү жана бажы төлөмдөрүн өндүрүп алуунун мөөнөттөрүн жөнгө салат. Маселе 2011 жана 2013-жылдары убактылуу алып келинген транспорт каражаттарына байланыштуу бажы төлөмдөрүн жана туумдарды өндүрүп алуу жөнүндө иштерди кароодо келип чыккан. Аталган транспорт каражаттарынын өлкөдөн чыгарылбагандыгы 2024-жылы аныкталган.
Кайрылууда бажы төлөмдөрүн өндүрүп алуу мөөнөттөрүнүн укуктук аныктуулугу, анын ичинде мөөнөттүн башталган учуру жана акыркы чеги, ошондой эле мурда келип чыккан укуктук мамилелерге кийин кабыл алынган укуктук жөнгө салууну колдонууга, эгерде бул адамдын укуктук абалын начарлатышы мүмкүн болсо, жол берилер-берилбеси тууралуу маселелер көтөрүлгөн.






