Кыргыз Республикасынын юристтер күнү менен !
Урматтуу кесиптештер!
Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун жана жеке өзүмдүн атымдан Сиздерди кесиптик майрамыңыздар – Юрист күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм!
Бул кесиптик майрам 1993-жылы – Кыргыз Республикасынын Конституциясы кабыл алынган жылы – уюштурулган. Дал ошол мезгил эгемендүү Кыргызстандын мыйзамдын үстөмдүгүнө, адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктерин урматтоого негизделген жаңы укуктук тутумунун калыптанышына жол ачкан.
Юрист кесиби – мыйзамды терең билүүнү гана эмес, коом алдындагы бийик жоопкерчиликти да талап кылган ардактуу кесип. Дал ушул юристтер адилеттүүлүктүн орношуна кызмат кылып, адамдын укуктары менен эркиндиктерин коргоп, мыйзамдуулукту бекемдөөгө жана жарандардын мамлекетке болгон ишенимин бекемдөөгө зор салым кошуп келишет.
Күчтүү мамлекет Конституцияны урматтоосуз болушу мүмкүн эмес. Ал эми Конституцияны урматтоо Мыйзамды жөн гана кесиптик билим эмес, ар-намыстын иши, адеп-ахлактык багыт жана жашоо принциби катары кабыл алган адамдардан башталат.
Ушул майрам күнү Сиздерге чың ден соолук, бакубат жашоо, үй-бүлөлүк бакты-таалай, кесиптик ийгиликтерди, акылмандыкты, бекем эркти жана жаңы жетишкендиктерди чын дилимден каалайм.
Мыйзамга берилгендик, принциптүүлүк жана өз ишиңизге болгон жоопкерчиликтүү мамиле ар дайым Кыргыз Республикасынын өнүгүшү жана элибиздин бакубат жашоосу жолундагы ишмердигиңиздердин ишенимдүү таянычы болуп берсин!
Майрамыңыздар кут болсун!
Юрист күнүңүздөр менен!
Урматтоо менен,
Кыргыз Республикасынын
Конституциялык сотунун Төрагасы Э. Осконбаев






