Меню навигации+

Жарандык кодекстин айрым жоболорунун конституциялуулугун текшерүү жөнүндө кайрылуу өндүрүшкө кабыл алынды

07.07.2026

Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 1-беренесинин 5-бөлүгүнүн жана 216-беренесинин 2-бөлүгүнүн Конституцияга ылайыктуулугун текшерүү жөнүндө кайрылууну өндүрүшкө кабыл алды.

 

Кайрылуучунун пикири боюнча, талашылып жаткан жоболорго укук колдонуу практикасында берилип жаткан чечмелөө жеке жактан бажы төлөмдөрүн белгиленген акыркы мөөнөтсүз өндүрүүгө мүмкүндүк берип, мындай мөөнөттүн башталышын бажы органы төлөнбөй калган жагдайды аныктаган учур менен байланыштырууга жол берет. Бул, анын пикиринде, укуктук аныктуулукка доо кетирип, соттук коргонууга болгон кепилдиктерди бузат.

 

Кайрылууга негиз болуп убактылуу алып келинген транспорт каражаты Кыргыз Республикасынын бажы аймагынан кайра чыгарылбагандыгына байланыштуу талаш боюнча апелляциялык инстанциянын соту тарабынан арыз ээсинен бажы төлөмдөрүн жана туумдарды өндүрүү жөнүндө чечимдин кабыл алынышы саналат.

 

Аныктаманын толук тексти менен төмөнкү шилтеме аркылуу таанышууга болот: https://constsot.kg/wp-content/uploads/2026/07/oks-o-prinyatii-ot-07.06.26.pdf