Меню навигации+

Конституциялык сот мыйзамдын айрым жоболорунун конституциялуулугу жөнүндө кайрылууну өндүрүшкө кабыл алуудан баш тартты

08.07.2026

Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту 2024-жылдын 22-январындагы «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесинин 1-пунктунун жана 2-беренесинин 3, 4-пункттарынын Конституцияга ылайык келүүсүн текшерүү жөнүндө кайрылууну өндүрүшкө кабыл алуудан баш тартты.

 

Кайрылуу кылмыш-жаза жоопкерчилигинен бошотууда жана кылмыш ишин токтотууда тараптардын элдешүү институтун колдонуу тартибин жөнгө салган жоболорго байланыштуу болгон. Кайрылуучулардын пикири боюнча, талашылып жаткан ченемдерде «коомдун жана мамлекеттин кызыкчылыктарын козгогон учурлар» деген түшүнүктү колдонуу боюнча так критерийлер белгиленбегендиктен, укуктук белгисиздик орун алган.

 

Кайрылууга кайрылуучулардын мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөр коомдун жана мамлекеттин кызыкчылыктарын козгогон учурларда тараптардын элдешүү институтун колдонуу мүмкүнчүлүгүн жокко коюп, сотко конкреттүү иштин жагдайларын жекече баалоого мүмкүнчүлүк бербейт деген жүйөлөрү негиз болгон.

 

Аныктама менен шилтеме аркылуу кененирээк таанышууга болот. https://constsot.kg/wp-content/uploads/2026/07/proekt-oks-ob-otkaze-08-07-26.pdf