Конституциялык соттун Аппараты жалпы республикалык ишембиликке катышты
19-сентябрда Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун Аппараты жалпы республикалык ишембиликке катышты.
Аппараттын кызматкерлери биргелешип, имаратка жанаша жайгашкан аймакты тазалап, жашыл зоналарды жана башка участокторду иретке келтиришти. Таштандылар жана куураган өсүмдүктөр жыйналды.
Ишембиликтин жүрүшүндө аймак тазаланып, иретке келтирилди. Мындай иш-чаралар айлана-чөйрөнү таза жана тыкан сактоого багытталган.
Сиз да кошулуңуз! Шаарларыбызда, айылдарыбызда жана жалпы өлкөбүздө тазалыкты жана тартипти бирге сактайлы.











