Конституциялык сот «Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы жана адвокаттык иш жөнүндө» Мыйзамдын айрым жоболорунун конституциялуулугу боюнча кайрылууну өндүрүшкө кабыл алды
Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту Адвокатура жөнүндө мыйзамдын айрым жоболорунун конституциялуулугу боюнча кайрылууну өндүрүшкө кабыл алды
Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун судьялар коллегиясы жарандын «Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы жана адвокаттык иш жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-1-беренесинин 7 жана 8-бөлүктөрүнүн конституциялуулугун текшерүү жөнүндө кайрылуусун өндүрүшкө кабыл алды.
Арыз ээсинин пикири боюнча, талашылып жаткан жоболор укуктук аныктуулук принцибине жооп бербейт, анткени Адвокатуранын Этика боюнча комиссиясынын чечиминин укуктук табиятын, аны соттук тартипте даттануунун жол-жобосун жана адвокаттын соттук коргонууга болгон укугун ишке ашыруу механизмин так аныктоого мүмкүндүк бербейт.
Кайрылууга Адвокатуранын Этика боюнча комиссиясынын арыз ээсинин лицензиясынын колдонулушун токтотуу жөнүндө сунуштамасы жана анын негизинде Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги тарабынан тиешелүү буйруктун чыгарылышы негиз болгон.
Аныктаманын толук тексти менен төмөнкү шилтеме аркылуу таанышууга болот:
https://constsot.kg/wp-content/uploads/2026/06/oks-o-prinyatii-ot-22.-06.26.pdf






