Меню навигации+

Конституциялык сот укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча апелляциялык инстанциядагы соттун ыйгарым укуктары боюнча кайрылууну өндүрүшкө кабыл алды

15.09.2026

Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту Н.Ж. Жаныбековдун жана С.А. Матцаковдун Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 554-беренесинин 4-бөлүгүнүн Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 56-беренесинин 2-бөлүгүнө, 61-беренесинин 1-бөлүгүнө жана 100-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык келүүсүн текшерүү жөнүндө өтүнүчүн өндүрүшкө кабыл алды.

 

Кайрылуу укук бузуу жөнүндө иш боюнча ыйгарым укуктуу органдын токтомуна берилген даттануу боюнча кабыл алынган биринчи инстанциядагы соттун токтомуна даттанууда апелляциялык инстанциядагы соттун ыйгарым укуктарын аныктоочу жоболорго тиешелүү.

 

Талашылып жаткан ченемге ылайык, апелляциялык даттанууну кароонун жыйынтыгы боюнча апелляциялык инстанциядагы сот даттанууну канааттандыруусуз калтырууга; биринчи инстанциядагы соттун токтомун жокко чыгарып, ыйгарым укуктуу органдын токтомун өзгөртүүсүз калтырууга; же биринчи инстанциядагы соттун жана ыйгарым укуктуу органдын токтомдорун жокко чыгарып, иш боюнча өндүрүштү токтотууга укуктуу.

 

Арыз ээлери талашылып жаткан ченемде апелляциялык инстанциядагы соттун жаңы чечим кабыл алууга, соттук актыны өзгөртүүгө же ишти кетирилген бузууларды жоюу үчүн жаңыдан кароого жөнөтүүгө ыйгарым укуктары каралбаганын белгилешет. Алардын пикиринде, мындай чектөө натыйжалуу соттук коргоого тоскоолдук кылат жана ишти жогорку инстанциядагы сот тарабынан кайра кароонун конституциялык кепилдиктерин толук камсыз кылбайт.

 

Аныктама менен кененирээк төмөнкү шилтемеден тааныша аласыздар:https://constsot.kg/wp-content/uploads/2026/09/opred-o-prinyatii-ot-15.09.26.pdf