Меню навигации+

Жаңылыктар

24.12.2020

Конституциялык палата 2020-жылдын 23-декабрында КР Жарандык процесстик кодексинин 352-беренесинин 1-бөлүгүнүн конституциялуулугун текшерүү жөнүндө ишти карап чыгып, талашылып жаткан ченемди, эгер чыгарылган соттук акты менен ишке катышууга тартылбаган жактардын укуктары же мыйзам менен корголуп жаткан кызыкчылыктары бузулган болсо, аларга кассациялык доо арыз менен кайрылууга укук бербеген бөлүгүндө КР Конституциясына карама-каршы келет деп тааныган. (more…)

17.12.2020

 

Конституциялык палатанын төрагасы К.А. Дуйшеев ЕККУнун Демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча бюросунун (ЕККУ/ДИАУБ) Кыргызстандагы мөөнөтүнөн мурда болуучу президенттик шайлоолорго байкоо жүргүзүүчү миссиянын башчысы Тамаш Месерич менен жолугушту. (more…)

17.12.2020

Конституциялык палата 2020-жылдын 16-декабрында Жазык процесстик кодексинин 293-беренесинин 5-бөлүгүнүн конституциялуулугун текшерүү жөнүндө ишти карап чыгып, камакка алуу превентивдүү мүнөздө болуп, айыпталуучуга карата гана колдонулушу мүмкүн деп белгилеген. Бөгөт коюу чарасы катары камакка алуунун маңызы адам анын сотто айыптуулугу жөнүндө маселеси толук чечилмейин эркинен ажыратылуусу болуп саналат. Мында айыпталуучунун тергөөдөн жана соттон жашынуу, иш боюнча сотко акыйкаттыкты аныктоодо, соттун өкүмүн аткарылышын камсыз кылууда тоскоолдук туудуруу мүмкүндүгү бөгөт коюунун негизги максаты болот. (more…)

02.12.2020

2020-жылдын 2-декабрында Конституциялык палата Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 38, 63-беренелеринин колдонулушун токтото туруу жөнүндө конституциялык Мыйзамды Конституцияга карама-каршы келбейт деп тааныды. (more…)

06.11.2020

Бүгүн, 2020-жылдын 6-ноябрында, «Кыргыз Республикасындагы мыйзамдын үстөмдүүлүгүнүн – 2-чи фазасы» программасынын негизги адиси Александру Тэнасе Конституциялык палатанын Аппарат кызматкерлерине «Жогорку сапаттагы соттук жүйөө ырааттуулуктун негизги элементи жана конституциялык сот практикасынын туруктуулугу» деген темада тренинг өткөрдү. (more…)

02.11.2020

Конституциялык палатанын соттук коллегиясы жаран Н.А. Касымбековдун, Т.Б. Усубалиевдин жана «Реформа» саясий партиясынын «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депуттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын айрым ченемдеринин колдонулушун токтото туруу жөнүндө конституциялык мыйзамынын жоболорунун конституциялуулугун текшерүү боюнча кайрылууларын карап чыгып, өтүнүчтөрдү өндүрүшкө кабыл алды. (more…)

22.10.2020

Конституциялык палата «Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 12-беренесинин 2-бөлүгүнүн жана 28-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пунктунун конституциялуулугун текшерүү жөнүндө ишти карап чыгып, Конституциянын көз карашынан алганда, сот адилеттүүлүгүн жүзөгө ашырууда айкын жана одоно бузуу үчүн судьяларды тартиптик жоопкерчиликке тартууну мүмкүн деп тааныган, бирок мында судьядан, ал эмес аны жоопкерчиликке тартууга байланышса да, конкреттүү сот иши боюнча отчетту талап кылуумүмкүн эмес деп эсептейт. (more…)

15.10.2020

2020-жылдын 14-октябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 3-апрелиндеги №197 токтому менен бекитилген ID-карта жөнүндөгү жобонун 3-пунктунун конституциялуулугун карап чыгып, этностук таандыгы тууралуу маалыматтын ачык тексттик түрдө көрсөтүлбөй, электрондук чипте камтылышы Конституциянын 38-беренесине карама-каршы келет деп тапты. (more…)

01.10.2020

Конституциялык палата 2020-жылдын 30-сентябрында Аскар кызы Жанаранын кайрылуусуна байланыштуу «Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12-беренесинин 3-бѳлүгүнүн 4-пунктун жана 13-беренесинин 2-бѳлүгүнүн тѳртүнчү абзацынын конституциялуулугун текшерүү боюнча  ишти карап чыгып, “Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12-беренесинин 3-бѳлүгүнүн 4-пунктун жана 13-беренесинин 2-бѳлүгүнүн тѳртүнчү абзацынын “жергиликтүү кеңеш менен макулдашылган ...” деген сөздөр менен айтылган талашылып жаткан ченемдик жоболору Конституцияга карама-каршы келет деп тааныды. (more…)

17.09.2020

2020-жылдын 16-сентябрында Конституциялык палата С.А. Швайберовдун кайрылуусуна байланыштуу Жарандык процесстик кодекстин 106-беренесинин 4-бөлүгүнүн конституциялуулугун текшерүү боюнча ишти карады жана талашылып жаткан ченемди Конституцияга карама-каршы келет деп тааныды. (more…)

11.09.2020

Бишкекте учурдагы жылдын 10-11сентябрында «Кыргыз Республикасында сот тутумундагы көз карандысыздыктын эл аралык стандарттарын жылдыруу» аттуу онлайн тегерек стол болуп өттү. (more…)

04.09.2020

Конституциялык палата 2020-жылдын 3-сентябрында Б.А. Нааматовдун кайрылуусу боюнча 2009-жылдын 24-июлундагы №252 сандуу «Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине жана Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесинин 5-бөлүгүн текшерүү жөнүндө ишти карап чыккан жана талашылып жаткан ченемди Конституцияга карама-каршы келбейт деп тапкан. (more…)

27.08.2020

 

 

26.06.2020

Урматтуу юридикалык коомчулуктун өкүлдөрү!

 

Өзүңөргө маалым болгондой, КР Өкмөтүнүн 1993-жылдын 24-июнундагы № 272 токтому менен ар жылы июндун акыркы жумасындагы жекшемби күнү Кыргыз Республикасынын Юристтин кесипкөй күнү деп белгиленген. (more…)

25.06.2020

Учурдагы жылдын 25-июнунда Конституциялык палатанын төрагасы К. Дуйшеев Укук аркылуу демократия үчүн Европа комиссиясынын 30-жылдыгына жана Украина Конституциясынын 24жылдыгына арналган онлайн-конференцияга катышты. (more…)

25.06.2020

Учурдагы жылдын 25-июнунда Конституциялык палатанын судьясы М.Р. Бобукеева жана Конституциялык палатанын Аппаратынын эксперттик-аналитикалык бөлүмүнүн башчысы К.Д. Алыбаев адам укуктары боюнча немис институту уюштурган «Европада укуктун улуктугун камсыз кылуу» онлайн-конференциясына катышышты. (more…)