Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту Эл аралык адвокаттар бирлигинин делегациясын кабыл алды

2025-жылдын 10-июнунда Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотуна расмий визит менен Эл аралык адвокаттар бирлигинин жана Россия Федерациясынын Адвокаттар федерациясынын делегациясы келди.
Алар Кыргызстанга мындан мурдараак, Бишкек шаарында 9-июнда өткөн илимий-практикалык конференциянын алкагында келген.
Визиттин жүрүшүндө делегация Конституциялык соттун ишмердүүлүгү, анын ыйгарым укуктары, түзүмү жана ишинин негизги багыттары менен таанышты. Соттун өкүлдөрү ишти кароо тартиби, конституциялык даттануу институтунун өзгөчөлүктөрү, ошондой эле адамдын укуктары менен эркиндиктерин коргоо жаатында эл аралык стандарттарды колдонуу тажрыйбасы тууралуу айтып беришти.
Коноктор үчүн Конституциялык соттун имараты боюнча экскурсия уюштурулуп, катышуучулар жыйындар залы, китепкана, архив жана Кыргызстандагы конституциялык көзөмөлдүн өнүгүү тарыхына арналган экспозиция менен таанышты.
Жолугушуу учурунда адвокаттар конституциялык сот адилеттиги маселелерине кызыгып, бир катар кесиптик суроолорду беришти жана аларга толук жана мазмундуу жоопторду алышты. Өз кезегинде Эл аралык адвокаттар бирлигинин өкүлдөрү жылуу кабыл алуу, ачык диалог жана Кыргыз Республикасынын конституциялык көзөмөл системасы жөнүндө маалымат алуу мүмкүнчүлүгү үчүн ыраазычылык билдиришти.
Бул визит Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын юридикалык коомчулугунун ортосунда тажрыйба алмашуу жана кесиптик байланыштарды чыңдоо үчүн маанилүү аянтча болду.