03.03.2023
2023-жылдын 3-мартында Кыргыз Республикасынын Президенти №47 Жарлыгы менен "2023-2026-жылдарга Кыргыз Республикасынын сот адилеттиги системасын өнүктүрүү"Мамлекеттик максаттуу программасын бекитти. Программанын максаты адамдын жана уюмдардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын адилеттүү жана натыйжалуу коргоого багытталган сот адилеттиги системасын өнүктүрүүнүн артыкчылыктарын аныктоо болуп саналат.
Программа сот системасын реформалоого багытталган үчүнчү мамлекеттик максаттуу программа болуп саналат жана сот органдарын гана эмес, укук коргоо органдарын жана сот адилеттигине кирген башка чектеш укуктук институттарды реформалоону камтыйт. Программа сот адилеттиги системасына маалыматтык технологияларды кеңири киргизүүнү карайт, бул сот адилеттигин жүзөгө ашыруунун сапатын жакшыртууга, жарандардын соттук коргоону алуу үчүн кайрылуусун жөнөкөйлөтүүгө, соттук экспертизаларды алуунун сапатын жана ыкчамдыгын жогорулатууга, соттук чечимдердин толук кандуу аткарылышын жана сот адилеттиги системасынын органдарынын ишин оптималдаштырууну камсыз кылууга мүмкүндүк берет.
Программада бийликтин бардык бутактарын бирдей социалдык камсыздоону сактоо маселелерин, ошондой эле конституциялык контролдоо органынын жана бүтүндөй сот системасынын башка проблемаларын чечүүгө багытталган ар кандай иш-чаралар каралган. Атап айтканда, Конституциялык соттун чечимдерин кыйла натыйжалуу аткарууга багытталган "Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту жөнүндө" конституциялык Мыйзамдын жана "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Мыйзамдын бирдиктүү жана кыйшаюусуз аткарылышын көзөмөлдөө боюнча прокуратура органдарынын ишин күчөтүү каралган.
Ошондой эле, Программада Кыргыз Республикасынын Конституциялык Сотунда Жогорку Кеңештин, Жогорку соттун, Башкы прокуратуранын, Юстиция министрлигинин туруктуу (ыйгарым укуктуу) өкүлдөрүнүн институтун аталган мамлекеттик органдардын жетекчилеринин орун басарларынын деңгээлинен төмөн эмес киргизүү зарылчылыгы белгиленген, кон...







Программа Судьялар кеңеши тарабынан Президенттин Администрациясынын, Конституциялык соттун, Жогорку соттун, Сот департаментинин, Сот адилеттигинин жогорку мектебинин, юстиция органдарынын, КР Адвокатурасынын, жарандык коомдун жана укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнүн катышуусу менен иштетилүүдө.
Иш-чарага ошондой эле КР Жогорку сотунун төрагасынын орун басарлары, КР Конституциялык сотунун судьялары, КР Президентинин Администрациясынын соттор жана прокуратура органдары менен өз ара аракеттенүү боюнча бөлүм башчысынын орун басары, КР Жогорку сотунун судьялары, КР Судьялар кеңешинин мүчөлөрү, жергиликтүү соттордун төрагалары, жергиликтүү соттордун судьялары, КР Жогорку...