Меню навигации+

Конституциялык сотто 2023-жылдын жыйынтыгы боюнча жыйын өттү

16.02.2024

2024-жылдын 16-февралында Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунда судьялардын жана аппараттын кызматкерлеринин катышуусунда 2023-жылдын жыйынтыгы боюнча жылдык жыйналыш болуп өттү.
Конституциялык сотко кайрылуулардын саны олуттуу көбөйгөндүгү белгиленди. Отчеттук мезгилде 100гө жакын кайрылуу келип түшкөн, алардын 30% пайызы өндүрүшкө кабыл алынган. Кайрылуулардын эң көп саны жарандардан жана юридикалык жактардан ченемдик укуктук актылардын Конституцияга шайкештигин текшерүү максатында келип түшкөн.
Бардыгы болуп аталган мезгилде 20 чечим, 18 токтом жана 100гө жакын судьялар коллегияларынын аныктамалары чыгарылган. Бул көрсөткүч акыркы он жылдагы кабыл алынган сот актыларынын саны боюнча эң жогорку болуп саналат.
Конституциялык соттун төрагасы Э.Осконбаев өз сөзүндө сот өндүрүшүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу, иш процесстерин оптималдаштыруу боюнча ишти жакшыртуу, кызматкерлердин потенциалын жана каралып жаткан иштердин аналитикалык материалдарын даярдоонун сапатын жогорулатуу зарылдыгы жөнүндө белгиледи.
Ошондой эле ал: “Жалпысынан өткөн жыл Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун чечимдерине жана ишмердүүлүгүнө көңүл буруунун күчөшү менен белгиленди, бул өлкөнүн Конституциясынын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгын майрамдоо менен шартталды. Белгилей кетсек, Конституциялык сот өз ишинде ачыктыкка жана айкындуулукка болгон умтулуусуна бекем бойдон калууда. Соттун ишмердүүлүгү жөнүндө коомчулукка маалымдоо, анын ичинде коммуникациянын заманбап каражаттарын пайдалануу аркылуу маалымдоо иш-чаралары келечекте да улантылат. Конституциялык соттун бардык угуулары ачык өткөрүлөт жана ведомствонун расмий сайтында жана YouTube каналында көрсөтүлөт” –деп баса белгиледи.
Жыйналыш келечек мезгилге стратегиялык пландарды жана артыкчылыктарды талкуулоо менен аяктады.
Конституциялык сот конституциялык ченемдерди жана жарандардын укуктарын коргоо боюнча өз миссиясын улантууга чечкиндүүлүгүн билдирди, ошондой эле натыйжалуулукту жогорулатуу жана заманбап маалыматтык коомдун шарттарында жарандардын сот адилеттигине кеңири жана ыңгайлуу жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу максатында сот процесстерин санариптештирүүгө даярдыгын билдирди.