Меню навигации+

Конституциялык сотто судьялардын Шаньдун тышкы соода кесиптик-техникалык колледжинин өкүлдөрү менен жолугушуусу болуп өттү

29.04.2024

Бүгүн, Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунда Кытай Эл Республикасынын Шаньдун тышкы соода кесиптик-техникалык колледжинин делегациясы менен судьялардын жолугушуусу болуп өттү.

Делегациянын иш-сапары билим берүү жана соода-сатык тармагында мамлекеттер ортосундагы кызматташтыкты тереңдетүүгө багытталган “Бир алкак-бир жол” демилгесинин алкагында өткөрүлүүдө.

Жолугушуунун жүрүшүндө кызматташууну өнүктүрүү келечектери, анын ичинде эки өлкөнүн судьяларынын ортосунда тажрыйба алмашуу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.

Судьялар тышкы соода жана коммерция чөйрөсүндө иштеген жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин коргоого багытталган, ар кандай институттар ортосундагы байланыштарды тереңдетүүнүн маанилүүлүгүн баса белгилешти.

Бул окуя билим берүү жана соода-сатык тармагындагы Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы достук мамилелердин маанилүүлүгүн жана потенциалын баса белгилейт.