Меню навигации+

Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту “Адилеттүүлүк жана мыйзам алдындагы бирдейлик: жаштар Конституциянын принциптерин күнүмдүк турмушта кантип ишке ашырууда” темасында студенттер арасында сынак жарыялайт

22.04.2024

Кыргыз Р еспубликасынын Конституциялык соту “Адилеттүүлүк жана мыйзам алдындагы бирдейлик: жаштар Конституциянын принциптерин күнүмдүк турмушта кантип ишке ашырууда” темасында студенттер арасында сынак жарыялайт


Кыргыз Республикасынын Конституция күнүнө карата уюштурулган бул сынак ушул теманы ачып берген мыкты дилбаяндарды жана видеороликтерди табууга багытталган.
Эсселер жана видеолор ар кандай көз караштарды, жеке тажрыйбаларды, ошондой эле аймактагы кырдаалды жакшыртуу боюнча практикалык сунуштарды бере алат.

Сынак Кыргыз Республикасынын Конституция күнүнө карата арналып, адилеттүү коомду курууда Конституциянын маанисин ачуучу эң жакшы эссе жана видеороликтерди аныктоо максатында ѳткѳрүлѳт.

Конкурска ким катыша алат?

Республиканын бардык жогорку окуу жайларынын студенттери.

Конкурстук материалдарга болгон талаптар:


Конкурстук материалдар мамлекеттик же расмий тилде берилиши мүмкүн.

– Эссе 3 барактан, видеоматериал – 3-5 мүнѳттѳн ашпашы керек.

– Бир автордон материалдардын саны чектелбейт.

– Сынак материалдары кайра кайтарылбайт жана рецензияланбайт. Автордук материалдарды сынакка берүү уюштуруучулар тарабынан аларды жарыялоого уруксат катары кабыл алынат.

– Сынакка катышуу үчүн сынак материалынын түп нускасынын автору катары катышуучуну тастыктаган табыштама * формасын сөзсүз толтуруу керек.


Материалдарды баалоо критерийлери

– жаңылык жана материалдын инновациялык түзүүчүсү;

– теманы ачуу деңгээли;

– так жана логикалык баяндоо;

– мазмундуу жана оригиналдуу ойлор;

– креативдүүлүк.


Эссе жана видеороликтер, Конституциялык соттун судьяларынан, соттун аппаратынын кызматкерлеринен турган сынак комиссиясы курамы тарабынан бааланышат.


Жеңүүчүлөрдү сыйлоо:

Конкурстун жеңүүчүлөрү дипломдор жана конституционализмдин Жайкы мектебине катышуу мүмкүнчүлүгү менен сыйланат
– Ысык-Көлдөгү конституционализмдин Жайкы мектебине катышуу I орун
– Бишкек шаарындагы конституционализм Жайкы мектебине катышуу II орун
– III oрун-кызыктыруучу сыйлыктар

Жеңүүчүлѳрдү сыйлоо 2024-жылдын 17 майында Конституциялык сотто ѳткѳрүлѳт.

Сынактын жеңүүчүлѳрү деп табылган чет жактан келген студенттер сыйлоо аземине катышуу үчүн ѳздѳрүнүн каражатынан Бишкек шаарына келүүгѳ байланыштуу болгон чыгымдарды тѳлѳшѳт.

Материалдарды жиберүү дареги:

pressa@constsot.kg Конкурстук материалдар 2024-жылдын 8-май саат 18.00 чейин кабыл алынат.


* ТАБЫШТАМА

Бул бѳлүктү толтуруу менен, мен сынак материалдардын түп нускасынын автору экендигин тастыктайм жана аны Конституциялык соттун расмий сайтында, анын социалдык тармактардагы расмий баракчаларына жарыялоого макулдугумду берем.

Аты ____________________
Фамилиясы __________________
Атасынын аты__________________
Окуган жайы (ЖОЖ, курсу, адиси) ____________
Байланыш телефону ________________
E-mail __________________

Байланыш тел. 0551994461 Гульчехра Садыкова.