Меню навигации+

“Конституция жана конституциялык көзөмөл” деген аталышта Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун судьялары менен студенттердин ар жылдык жолугушуусу болуп өттү

26.04.2024

Маанилүү улуттук майрам – Конституция күнүнө карата Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун судьялары юридикалык факультеттердин студенттерине өлкөнүн негизги мыйзамынын сырларын терең аңдап-билүүгө уникалдуу мүмкүнчүлүк тартуулашты.

Конституциялык соттун төрагасынын орун басары Карыбек Арстанбекович Дүйшеев Ж.Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук Университетинде студенттер менен жолугушууда мыйзам маселелерин талкуулап, алардын маани-маңызын чечмелеп берди. Анын накыл сөздөрү университеттин залында жаңырып, Конституциянын негиз түзүүчү принциптерин түшүнүүнүн жана урматтоонун маанилүүлүгү баса белгиленди.

Кыргыз – Россия Славян университетинин конституциялык укук кафедрасында студенттерге жана КР Казы Дикамбаев атындагы ТИМ Дипломатиялык академиясынын студенттерине негизги мыйзамдын фундаменталдык принциптеринин жаңы мазмунун, соттор Кырккелди Жумалиевич Кыдырбаев  менен Жамил Асанбекович Шаршеналиев кенен-кесири ачып беришти.

Лекциялар ошондой эле ИИМдин Академиясынын курсанттары жана “Ала-Тоо” эл аралык университетинин студенттери үчүн уюштурулду. Судья Чинара Аскарбековна Айдарбекова “Конституция и конституциялык көзөмөл” темасында терең жана мазмундуу лекция өткөрүп, келечектеги адистерге өз билими жана тажрыйбасы менен бөлүштү.

Бул жолугушуулар – жөн гана лекциялар эмес, бул мыйзамдар дүйнөсүнө саякат, мында алынган билимдер ар бирибизди биздин Конституцияны түшүнүүгө, укуктарды жана милдеттерди урматтоого, укуктук маданиятты жана укуктук аң-сезимди жогорулатууга жакындатат.