Меню навигации+

Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун судьялары менен Кыргыз Республикасынын Адвокатурасынын Адвокаттар кеңешинин мүчөлөрүнүн таанышуу жолугушуусу кызматташуунун жаңы келечектерин белгиледи

26.03.2024

Бүгүн, 2024-жылдын 26-мартында, Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун имаратында Адвокатура институтун күчөтүү жана жарандардын конституциялык укуктарын жана эркиндиктерин натыйжалуу коргоо маселелеринде кызматташуунун келечектерин талкуулоо максатында Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун судьяларынын жана Кыргыз Республикасынын Адвокатурасынын Адвокаттар кеңешинин мүчөлөрүнүн жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө катышуучулар укуктук коомчулуктун алдында пайда болгон учурдагы чакырыктарды жана көйгөйлөрдү чечүүгө конструктивдүү мамилелерди билдиришти.
Адвокаттар кеңешинин өкүлдөрү жарандардын укуктарын кыйла натыйжалуу коргоону камсыз кылуу максатында Конституциялык сот менен кызматташууну тереңдетүүгө даярдыгын билдиришти. Өз кезегинде Конституциялык соттун судьялары адвокаттар менен конструктивдүү диалогго жана кызматташууга даяр экендиктерин билдирип, алардын өлкөнүн укуктук тутумундагы ролунун маанилүүлүгүн баса белгилешти.

Жолугушуунун негизги жыйынтыктарынын бири конституционализмди бекемдөө боюнча биргелешкен иш-чараларды өткөрүү жөнүндө макулдашуу болду. Конституциялык соттун судьялары укук колдонуу тажрыйбасын жакшыртуу жана адвокаттардын квалификациясын жогорулатуу боюнча сунуштарды иштеп чыгууда кызматташууга даяр экендиктерин билдиришти.

Конституциялык соттун төрагасы Эмил Осконбаев: “Биз судьялар менен адвокаттардын биргелешкен аракеттери укуктук мамлекетти бекемдөөгө жана жарандардын укуктарын коргоого өбөлгө түзөөрүнө ишенебиз”, – деп белгиледи. Ошондой эле ал адвокаттардын аброюн көтөрүү боюнча ишти активдештирүү боюнча сунуштарын билдирди.
Мындан тышкары, тараптар үзгүлтүксүз тажрыйба жана маалымат алмашуу, ошондой эле адвокаттардын кесиптик квалификациясын жогорулатуу үчүн биргелешкен билим берүү иш-чараларын өткөрүү жөнүндө макулдашышты.

Бул жолугушуу өлкөдөгү укуктук мамлекетти бекемдөө жолундагы маанилүү кадам жана судьялар менен адвокаттардын жарандардын жана сот адилеттигинин кызыкчылыгында кызматташууга умтулуусун тастыктоо болду.