Меню навигации+

Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту жана Евразия экономикалык соту тарыхый расмий жолугушууда кызматташтыкты бекемдешүүдө

27.02.2024

2024-жылдын 27-февралы, Бишкек, Кыргызстан

Бүгүн Евразия экономикалык сотунун төрагасынын милдетин аткаруучу А.А. Дронов башчылык кылган судьялардын делегациясы Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) алкагында интеграциялоого тиешелүү маселелерди талкуулоо жана тыгыз өз ара байланышты орнотуу үчүн Кыргызстанга биринчи жолу келишти. Делегациянын курамында, ошондой эле Төраганын орун басарынын милдетин аткаруучу А.М. Ажибраимова жана судьялар А. А. Забара, М. Т. Кайыпов, А. Б. Кишкембаев, А. Г. Тунян катышты.
Төраганын милдетин аткаруучу А.А. Дроновдун сөзү боюнча, Кыргызстан интеграциялоо маселелери боюнча үзүрлүү кызматташтыкты жана диалогду орнотуу үчүн ушундай курамда ЕАЭСтин өкүлдөрү келген биринчи өлкө болду. Бул расмий иш-сапар ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн ортосунда өз ара түшүнүүнү жана кызматташтыкты тереңдетүү багытында маанилүү кадам болду.

Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун төрагасы Э.Ж. Осконбаев, өз компетенциясынын алкагында Евразия экономикалык соту менен диалогду жана кызматташтыкты орнотууга даярдыгын билдирди. Ал, Кыргызстандын Конституциялык соту жарандардын укуктарын жакшыртуу жана коргоо максатында өз ара аракеттенүүгө ачык деп баса белгиледи.

Эки тарап тең Евразия экономикалык соту менен Кыргызстандын Конституциялык сотунун ортосундагы кызматташтыкты тереңдетүү региондогу укуктук мейкиндикти жана интеграцияны бекемдөөгө, ошондой эле жарандардын кызыкчылыктарын коргоого жана укуктук мамлекетти өнүктүрүүгө өбөлгө түзөөрүнө ишеним билдиришти.
Жолугушуу ЕАЭБ алкагында кызматташтыкты жана өз ара түшүнүүнү жакшыртууга багытталган жумушчу жана конкреттүү маселелерди талкуулоо менен аяктады.