Меню навигации+

Конституциялык сотунда Сот тутумунун кызматкерлеринин күнүнө арналган салтанаттуу сыйлык тапшыруу болуп өттү

05.03.2024

Бишкек 5 март 2024 ж.

Бүгүн, Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунда Кыргыз Республикасынын сот тутумунун кызматкерлеринин күнүн майрамдоого арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү.

Аталган иш-чаранын алкагында үзүрлүү кызматташтыгы үчүн Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун төш белгиси жана Ардак грамотасы менен Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун, Биринчи май райондук сотунун жана Чүй облусунун Москва райондук сотунун судьялары, ошондой эле КР Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин, КР Юстиция министрлигине караштуу Соттук өкүлчүлүк борборунун жана Конституциялык соттун аппаратынын кызматкерлери сыйланышты.

“Сот тутумунун кызматкерлеринин күнүнө байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун атынан биздин сот тутумунун бардык кызматкерлерине өлкөдөгү укуктук туруктуулукту жана адилеттүүлүктү камсыз кылууда кошкон баа жеткис салымы үчүн терең ыраазычылык билдирем. Сот бийлиги конституциялык принциптерди камсыздоодо жана жарандардын укуктарын коргоодо негизги ролду ойнойт. Биз мезгил чакырыктарына карабастан адилеттүүлүктүн жогорку стандарттарына кызмат кылууну улантып жаткан

Сот тутумунун кызматкерлеринин күнү – Сиздердин сот адилеттигин орнотууда жана мыйзамдарды аткарууда каарман эмгегиңизди белгилей турган өзгөчөлүү күн. Биз биргеликте элге кызмат кылган жана мыйзам алдында бирдейликти камсыз кылган сот тутумун курабыз. Бардыгыңыздарды бүгүнкү кесиптик майрамыңыздар менен куттуктайм, Кыргыз Республикасында сот бийлигинин өнүгүшүнө кошкон салымыңыздар үчүн чын дилимден ыраазычылык билдирем” – деп белгиледи өз сөзүндө КР Конституциялык сотунун Төрагасы.