Меню навигации+

Жаңылыктар

25.06.2018

Учурдагы жылдын 22-23-июнь күндөрү Венецияда Укук аркылуу демократия үчүн Европа комиссиясынын (Венеция комиссиясы)115-пленардык сессиясы  болуп өттү. Пленардык сессиясынын ишине Конституциялык палатанын төрагасы Эркинбек Мамыров катышып келди.

 

(more…)

19.06.2018

2017-жылдын 19-апрелинде жаран З.К. Курмановдун Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ѳзгѳртүүлѳрдү киргизүү жѳнүндѳ» 2015-жылдын 24-июлундагы № 190 Мыйзамынын конституциялуулугун текшерүү жана Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 6-беренесине, 9-беренесинин 3-бөлүгүнө, 16-беренесинин 2, 3-бѳлүктѳрүнѳ, 20-беренесинин 1-бѳлүгѳнѳ, 40-беренесине, 42-беренесинин 3-бѳлүгүнѳ, 53-беренесине, 97-беренесинин 6, 7, 11-бѳлүктѳрүнѳ карама-каршы келет деп таануу жөнүндө кайрылуусу келип түшкөн. (more…)

04.06.2018

 

Учурдагы жылдын 29-майынан тартып 1-июнга чейин Сеулда «АКСА мчөлөрүнүн юридсикциясы жана уюштурулушу» аттуу Азия конституциялык сотторунун жана ага шайкеш институттарынын 1-изилдөөчүлүк конференциясы болуп өттү. Бул конференцияны АКСАнын изилдөөлөр жана иштеп чыгуулар боюнча Катчылык уюштурган, ал өзүнүн ишин 2017-жылы январь айынан тартып Сеулда баштаган.

 

(more…)

04.06.2018

 

 

Учурдагы жылдын 31-майында Борбордук Азиядагы Америкалык университетте «Адилет - 2018» конституциялык сот адилеттиги боюнча экинчи республикалык окуу соту болуп өттү, ага БААУнун, КР ИИМ Академиясынын, КРСУнун, КМУУнун, КР Өкмөтүнө караштуу КМЮАнын, ЭБУФББАнын, КЭУнун, Ала-Тоо эл аралык университетинин жана ОШМЮИнин командалары катышты.

 

(more…)

30.05.2018

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы 2018-жылдын 30-майында «Тышкы миграция жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 46-беренесинин биринчи бѳлүгүнүн 8-пунктун конституциялуу эмес деп таануу жѳнүндѳ ишти карап чыкты.

Талашылып жаткан ченем арыз ээсине карата сотко жарандык доомат коюлса - иш боюнча териштирүү аяктамайынча Кыргыз Республикасынын жаранынын Кыргыз Республикасынан чыгуусунан убактылуу баш тартылат деп караштырган. Конституциялык палата бул ченемди конституциялуу эмес деп тааныды.

 

(more…)

21.05.2018

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьялары М. Касымалиев жана А. Нарынбекова 2018-жылы 15-майда Санкт-Петербург шаарында Россия Федерациясынын Конституциялык соту тарабынан уюштурулган «Глобалдык өзгөрүүлөр доорундагы Конституция жана конституциялык контролдоонун милдеттери» аттуу темасындагы эл аралык конференциянын ишине катышып келишти.

 

(more…)

21.05.2018

 

Учурдагы жылдын 18-майында Ош шаарында «Конституциялык палатанын чечими укук булак катары» темасында семинар болуп өттү. Семинар Конституциялык палата тарабынан «Адилет» укуктук клиникасы» коомдук фонду менен бирге уюштурулган.

 

(more…)

07.05.2018

 

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков 5-майда Конституциялык палатанын судьялары менен жолугушту.

 

Мамлекет башчысы судьяларды жана кыргызстандыктарды Кыргыз Республикасынын Конституция күнү менен куттуктады.

 

(more…)

04.05.2018

Урматтуу кыргызстандыктар!

 

Конституциялык палатанын атынан жана жеке өзүмдүн атыман Кыргыз Республикасынын Конституциясынын кабыл алынышынын 25 жылдыгы менен чын жүрөктөн куттуктаймын!

 

1993-жылдын 5-майында кабыл алынган Конституция өлкөнүн ошол мезгилдеги бардык болуп жаткан социалдык-экономикалык жана саясий өзгөрүүлөрдүн тереңдигин чагылдырган, ал эгемендүү мамлекеттин калыптануусу үчүн укуктук негиздерди орноткон.

 

(more…)

03.05.2018

Бүгүн Бишкек шаарынын 7 жождорунун студенттери үчүн Ачык эшиктер күнү өткөрүлүп, «Улуттук мыйзамдар тутумундагы Конституциянын орду жана ролу» темасындагы студенттер арасындагы эссе сынагынын жеңүүчүлөрүнө сыйлыктар тапшырылды. Аталган иш-чаралар Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 25 жылдыгына арналган.

 

(more…)

27.04.2018

Конституциялык палатанын Кыргыз Республикасынын Конституциясы күнүнө карата жыл сайын өткөрүлүүчү иш-чаралар алкагында 2018-жылдын 19-апрелинен тартып 27-апрелине чейин Конституциялык палатанын судьялары Бишкек шаарынын студенттери үчүн Конституциянын үстөмдүгү жана анын мамлекеттин турмушундагы ролу темасында мейман лекцияларын өткөрүштү.

 

(more…)

23.04.2018

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасына 2017-жылдын 14-декабрында М.А. Шариповдун Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 2-статьясынын 2-бөлүгүнүн экинчи сүйлөмүн, 45-статьясынын 3-бөлүгүнүн биринчи сүйлөмүн Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 24-беренесинин 5-бөлүгүнө, 40-беренесинин 3-бөлүгүнө карама-каршы келет деп таануу жөнүндө өтүнүчү келип түшкөн. Ошол эле күнү Мелис уулу Д. кызыкчылыгын көздөгөн М.Т. Иманкуловдун өңчөй өтүнүчү келип түшкөн.

 

(more…)

19.04.2018

Бүгүн 19-апрель күнү Бишкекте Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 25 жылдыгына арналган «Конституциянын үстөмдүгү жана анын түздөн-түз колдонулушу: Конституциянын укуктук корголушун камсыз кылуу маселелери» аттуу эл аралык конференция өтүүдө. Конференция Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы тарабынан «Кыргыз Республикасында укук үстөмдүгүн бекемдөөгө көмөктөшүү» Европа Союзунун долбоорунун колдоосу менен уюштурулган.

 

(more…)

04.04.2018

Конституциялык палата 2018-жылдын 4-апрелинде Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексинин соттун өзүнүн демилгеси боюнча же ишке катышуучу жактардын арызы боюнча, чечимде кетирилген туура эмес жазууларды жана арифметикалык айкын каталарды оңдоо укугун караштырган 206-беренесинин 2-бѳлүгүнүн ченемдик жобосунун конституциялуулугун текшерүү жѳнүндѳ ишти карап чыкты жана талашылып жаткан ченемдин Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 20-беренесинин 5-бѳлүгүнүн 8-пунктуна, 40-беренесинин 1-бѳлүгүнѳ жана 96-беренесинин 3-бѳлүгүнѳ карама-каршы келбестиги тууралуу чечим кабыл алды.

 

(more…)

26.03.2018

 

Конституциялык палатанын Аппаратынын кызматкерлери 24-мартта Конституциялык палатанын имаратына жакын жерлердин санитардык жана эпидемиологиялык  абалын жакшыртуу максатында ишембиликке  чыгышты. Иш-чара «Таза жашоо» үч айлык улуттук кампаниянын алкагында болуп ѳттү.

 

Ишембилик учурунда кызматкерлер   Конституциялык палатанын имаратынын айланасындагы жолдорду жана арыктарды тазалап, таштандыларды чыгарышты.

19.03.2018

Конституциялык палата Кыргыз Республикасында сот тутумун бекемдѳѳ боюнча ЮСАИД жана IDLO Программасынын техникалык колдоосу менен «Улуттук мыйзамдар тутумунда Конституциянын орду жана ролу» темасында студенттер арасында сынак жарыялайт.

 

Сынак Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 25-жылдыгына карата арналып, мамлекеттин Баш мыйзамынын улуттук мыйзамдардын системасындагы ролун жана маанисин ачуучу эң жакшы эссе жана видеороликтерди аныктоо максатында ѳткѳрүлѳт.

 

Конкурска ким катыша алат?

Республиканын бардык жогорку окуу жайларынын студенттери.

 

Конкурстук материалдарга болгон талаптар

Конкурстук материалдар мамлекеттик же расмий тилде берилиши мүмкүн.

Эссе 3 барактан, видеоматериал - 10 мүнѳѳттѳн ашпашы керек.

Бир автордон материалдардын саны чектелбейт.

Сынак материлдары кайра кайтарылбайт жана рецензияланбайт. Автордук материалдарды сынакка берүү уюштуруучулар тарабынан аларды жарыялоого уруксат катары кабыл алынат.

Табыштама формасын толтуруу керек.

Сынакка катышуу үчүн сынак материалынын түп нускасынын автору катары катышуучуну тастыктаган табыштама* формасын толтуруу керек.

 

Материалдар кандай түрдѳ берилет?

- видеоматериалдар видео же файлдык хостингге жүктөлүшү керек (youtube, namba), уюштуруучуларга электрондук почта боюнча аларга шилтемдер жана автор жѳнүндѳ маалымат жиберилет;

- эссе электронндук же кагаз түрүндѳ берилиши мүмкүн.

 

Материалдарды баалоо критерийлери

- жаңыча жана инновациялык мамиле;

- теманы ачуу деңгээли;

- так жана логикалык баяндоо;

- мазмундуу жана оригиналдуу ойлор;

- креативдүүлүк.

Эссе жана видеороликтер курамы Конституциялык палатанын судьяларынан жана аппаратынын кызматкерлеринен турган сынак комиссиясы тарабынан бааланышат.

 

14.03.2018

13-мартта Бишкек шаарында судьялардын жана сот органдардын пресс-катчыларынын катышуусунда сот органдардын ММК менен өз ара иштешүү боюнча семинары болуп өттү. Семинарга Конституциялык палатанын пресс-катчысы катышты.

Семинардын жүрүшүндѳ Германиянын Хемниц шаарынын аймактык сотунун кылмыш–жаза иштери боюнча коллегиясында тѳрагалык кылган судья, мурда судья-пресс-катчы болуп иштеген Томас Мродзински мырза аталган маселе боюнча ѳз тажрыйбасы менен бѳлүштү.

Мындан тышкары журналист Кубат Чекиров жана Алмас Турдумамбетов Кыргызстанда сот органдар менен ММКлардын өз ара иштешүүсүндѳгү кѳйгѳйлѳрдү айтып беришти. Катышуучулардын бардыгы сот органдар менен ММКлардын ортосундагы мамилени чындоо керектигин белгилешти.

Семинар Эл аралык кызматташтык боюнча германия коому (GIZ) тарабынан жүзөгө ашырылып жаткан «Кыргыз Республикасында мыйзам үстөмдүгүн бекемеделишине көмөк көрсөтүү» Европа Союзунун Долбоорунун колдоосу менен уюштурулган.

13-мартта Бишкек шаарында судьялардын жана сот органдардын пресс-катчыларынын катышуусунда сот органдардын ММК менен өз ара иштешүү боюнча семинары болуп өттү. Семинарга Конституциялык палатанын пресс-катчысы катышты.

 

(more…)

02.03.2018

 

 М. Аскарбековдун Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасына кайрылуусу туурасында 2018-жылдын 15-февралында адвокат К.А. Джайлоевден Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 73-статьясынын 4-бөлүгүн, 255-статьясын, 288-статьясынын 2-бөлүгүн, 291-статьясынын 4-бөлүгүн, 296-статьясынын 2-бөлүгүн, 339-статьясынын 2-бөлүгүн Кыргыз Республикасынын Конституцисынын 20-беренесинин 5-бөлүгүнүн 8-пунктуна жана 40-беренесине карама-каршы келет деп таануу жөнүндө өтүнүч келип түшкөн.

 

(more…)