Меню навигации+

Конституциялык сот адилеттиги боюнча Бүткүл дүйнөлүк конференциянын 5-Конгресси

10.10.2022

Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун төрагасы Эмил Осконбаев жетектеген делегация ушул күндөрү Индонезияда өтүп жаткан Конституциялык сот адилеттиги боюнча Бүткүл дүйнөлүк конференциянын (WCCJ) 5-Конгрессине катышууда.

 

Иш-чарага 98 өлкөнүн делегациясы келип, беш өлкө негизги баяндамачы болду, анын ичинде Кыргызстан дагы. Мындай мүмкүнчүлүк Кыргызстанга биринчи жолу берилгенин белгилей кетүү керек.

 

Иш – чаранын башкы максаты – демократиянын, адам укуктарын коргоонун жана укуктун үстөмдүгүнүн негизги элементи катары адам укуктары жаатындагы прецеденттик укукту кошо алганда, конституциялык сот адилеттигин илгерилетүү, ошондой эле глобалдык маселелер боюнча конституциялык соттордун ортосундагы соттук диалогго көмөктөшүү.

 

2022-жылдын 5-октябрында #constsotkg төрагасы Эмиль Осконбаев WCCJ  “Тынчтыкты турукташтырууда конституциялык соттордун ролун чектөө” сессиясында негизги баяндамачылардын бири болуп чыкты.

 

Баяндаманын толук видеосу.

 

Бул сессияда башка мамлекеттик органдар менен өз ара мамилелер аспектинде конституциялык соттордун иштешинин жалпы тенденциялары, ЖМКнын конституциялык контролдоо органдарынын ишине болгон мамилеси, ошондой эле конституциялык сот өндүрүшүн козгоо үчүн конституциялык контролдоо органдарына кайрылуулардын (суроо-талаптардын) мааниси каралды.

 

Эмиль Осконбаев белгилегендей, мыйзамды даярдоо процесси, аны кабыл алуу жана андан ары ишке ашыруу бул татаал процесс болуп саналат. Албетте, дайыма өнүгүп келе жаткан, динамикалуу коомдук мамилелердин чөйрөсүндө мыйзам чыгаруу органдары үчүн идеалдуу мыйзамдарды чыгаруу кыйын маселе.

 

Мыйзам чыгаруу процессинде орун алган укуктук жөнгө салуунун негизги принциптери бузулган учурларды табуу жана оңдоо менен Конституциялык соттун чечимдери мыйзамдардагы жана башка ченемдик укуктук актылардагы карама-каршылыктарды четтетет жана аларды Конституцияга ылайык келтирүү механизмин ишке киргизет.

 

Конституциялык соттун ролун жалпыга маалымдоо каражаттары сынга алганы табигый нерсе. Көптөгөн өлкөлөрдө, анын ичинде Кыргызстанда да өз оюн эркин билдирүү, сөз жана басма сөз эркиндиги Конституция менен жарыяланган.

 

Мисалы, Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун чечимдери коомдо оң да, терс да реакцияны жаратат. Коом тарабынан мындай баалоо табигый нерсе, анткени бул кайтарым байланыштын бир түрү.

 

Конституциялык сот өндүрүшүн жүзөгө ашыруу процессинде жана ал аяктагандан кийин орун алган соттук көрүнүштөргө карабастан, конституциялык юстиция органдарына коомдук ишеним тынымсыз өсүп турат, ал эми алардын иши жарандык коом тарабынан жалпысынан оң бааланат, бул кайрылуулардын саны өсүп жаткандыгы менен тастыкталат.