Меню навигации+

Евразия экономикалык биримдигинин Сотунун V эл аралык конференциясы

18.11.2022

Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунунун төрагасынын орун басары Карыбек Дуйшеев Евразия экономикалык биримдигинин Сотунун V эл аралык конференциясында онлайн чыгып сүйлөдү.

Иш-чара ЕАЭБде сот адилеттигине жетишүүнүн натыйжалуулугун камсыз кылууну талкуулоого арналган.

Евразия экономикалык биримдигинин соту Евразия экономикалык биримдиги жөнүндө келишимге ылайык Биримдиктин туруктуу иштөөчү сот органы катары түзүлгөн. ЕАЭБдын укук тартибин кепилдеген маанилүү органдардын биринин функциясын аткаруу жана көз карандысыз орган катары ЕАЭБ өлкөлөрүндө сот системасынын ишин өркүндөтүү боюнча олуттуу иштерди аткарган.

Карыбек Дуйшеев өз сөзүндө Конституциялык сот конституциялык сот өндүрүшү аркылуу конституциялык көзөмөлдү өз алдынча жүзөгө ашыруучу жогорку сот органы болуп, конституциялык сот адилеттигинин жеткиликтүүлүгүн, ачыктыгын камсыз кылуу боюнча шарттарды жогорулатууга, коомдун өз ишмердүүлүгүнө болгон ишенимин жогорулатууга умтулат деп белгиледи.

“Судьялардын көз карандысыздыгын бекемдөөгө жана сот системасынын максималдуу натыйжалуулугун жана жеткиликтүүлүгүн камсыз кылууга багытталган үзгүлтүксүз реформаны улантуу маанилүү”, – деди ал.