Меню навигации+

Конституциялык соттун чечимдери жана алардын конституциялык маданиятка тийгизген таасири

20.10.2022

2022-жылдын 20-октябрында Бишкекте “Конституциялык сот адилеттиги аркылуу конституциялык укукту өнүктүрүү: Конституциялык соттун чечимдери жана алардын конституциялык маданиятка тийгизген таасири” темасындагы конференция болуп өттү.

Иш-чара жөнүндө репортаж ушул жерде!

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун төрагасы Эмиль Жолдошевич ОСКОНБАЕВ, КР Президентинин кеңешчиси, Конституциялык кеңешменин төрагасы (2020), юридика илимдеринин доктору, профессор Бекбосун Ишенбекович БОРУБАШОВ, ЕСтин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн Убактылуу ишенимдүү өкүлү Раймондс Вингрис катышты.

Конференцияда Александру ТЭНАСЕ “Кыргыз Республикасындагы Укук үстөмдүгү – 2-фаза” программасынын негизги эксперти (ROLPRO-2)

“Кыргыз Республикасынын конституциялык укугу” монографиясынын бетачарын өткөрдү.

Монографиянын авторлору:

  1. Райнер Арнольд – Регенсбург Университетинин Профессору;
  2. Зарина Эсеналиева – Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун аппаратынын укуктук жана уюштуруучулукту камсыздоочу бөлүмүнүн башчысы;
  3. Аяз Баетов – ю.и.д., Кыргыз Республикасынын Юстиция министри, Эл аралык интеграциялык укук жаатындагы адис;
  4. Асель Курманалиева – ю.и.к., доцент, Борбордук Азиянын жергиликтүү башкаруу академиясынын директору;
  5. Том Бирмонтиен-Миколас Ромерис университетинин юридикалык мектебинин профессору (Литва), Литванын отставкадагы Конституциялык сотунун судьясы;
  6. Александру Тэнасе – “Кыргыз Республикасындагы Укуктун үстөмдүгү-2-фаза” программасынын негизги эксперти (ROLPRO-2);
  7. Алия Маралбаева – ю.и. к., доцент, Б. Н. Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университети, МУА;
  8. Тони Фикеншер – Регенсбург университетинин укук доктору.

Кыргызстандын Конституциялык сотунун төрагасы Эмиль Осконбаев белгилегендей, “Бүгүнкү иш-чарада сунушталган монография – илимий изденүү катарындагы биринчи эмгек, аны түзүүгө Кыргызстандын илимий ишмерлери гана эмес, чет өлкөлүк өнөктөштөрдүн, анын ичинде Европанын укук докторлору да катышкан. Бул эмгек менен ар кандай көз караштарды жана мамилелерди ачуу, эң негизги адилеттүү коомду куруу мүмкүнчүлүгүн түзүүгө жол салган конституциялаштыруу идеясын кармануу боюнча абдан чоң иш башталды”.

Конференцияга катышуу үчүн Жогорку Кеңештин депутаттары, Министрлер Кабинетинин мүчөлөрү, Жогорку соттун жана жергиликтүү соттордун судьялары, Президенттин Администрациясынын жана башка мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, ошондой эле өкмөттүк эмес уюмдардын, илимий чөйрөлөрдүн, эксперттик коомчулуктун жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү чакырылган.

Иш-чара “Кыргыз Республикасындагы Укук үстөмдүгү 2-фаза” Программасынын колдоосу менен өткөрүлдү (ROLPRO-2).