Меню навигации+

“Укуктук аргументтөө жана конституциялык чечмелөөдөгү өлчөмдөштүк” семинары

31.03.2023

2023-жылдын 30-мартында Конституциялык соттун имаратында “Укуктук аргументтөө жана конституциялык чечмелөөдөгү өлчөмдөштүк” семинары өттү.

#ConstsotKG аппаратынын кызматкерлери эл аралык эксперт, Молдованын Конституциялык сотунун экс-төрагасы жана мурдагы юстиция министри Александр Константинович Тэнассенин жана Кыргызстандын Конституциялык сотунун судьясы, “Аял-судьялардын кыргыз ассоциациясы” КУнун Байкоочу кеңешинин төрайымы Чинара Аскарбековна Айдарбекованын сапаттуу соттук аргументтөөнүн мааниси, эл аралык тажрыйбада соттук аргументтөөнүн техникасы, Кыргызстандагы укук ченемдерин чечмелөөнүн негизги ыкмалары жана түрлөрү жөнүндө маалымат алышты.

Конституциялык сот Конституциянын сакталышын жана жарандардын конституциялык укуктары менен эркиндиктерин коргоону камсыз кылууга чакырылган, ошондуктан ушул сыяктуу иш-чаралар Конституциялык соттун аппаратынын кызматкерлеринин квалификациясын жана компетенцияларын жогорулатуу үчүн маанилүү каражат.