Меню навигации+

Кыргызстандын Конституциялык сотунун жамаатына жаңы судьялар тааныштырылды

09.12.2022

2022-жылдын 9-декабрында Кыргыз Республикасынын Президентинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү Алмасбек Абытов Конституциялык соттун жамаатына жаңы шайланган судьялар Чинара Айдарбекова менен Лунара Жолдошеваны тааныштырды.
Алмасбек Абытов жаңы судьяларды куттуктап, Конституциялык соттун судьялык кызматына шайлануу – талапкерлерге көрсөтүлгөн ишеним жана алардын жеке жана ишкердик сапаттарына жогору баа экенин белгилеп кетти.
Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун төрагасы Эмиль Осконбаев дагы судьяларды куттуктап, өз сөзүндө Негизги мыйзамды жана анын принциптерин чечмелөөдөн жарандардын жашоо сапаты жана Кыргызстандын өнүгүшү түздөн-түз көз каранды экендигин айтты. Коомдук мамилелердин туруктуу өнүгүүсү жүрүп жаткан өлкөдө укуктук ченемдердин мазмунунда күмөндүүлүктүн, аларды түшүнүүдө жана колдонууда түшүнүксүздүктүн пайда болушу табигый нерсе. Ушуга байланыштуу Конституциянын үстөмдүгүн жана түздөн-түз аракетин камсыз кылууда конституциялык контролду жүзөгө ашырган конституциялык соттун судьяларынын ролун жогору баалоого болбойт.
Эмиль Осконбаев судьялар жамааты эми толук курамда Кыргызстанда мыйзамдуулукту, укук тартибин, адилеттүүлүктү жана адам укуктарын урматтоону бекитүүгө олуттуу салым кошууну уланта берерине ишенимин билдирди.
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесинин 3-бөлүгүнүн 10-пунктуна жана “Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесинин 3-пунктуна ылайык судьялар жаш курагынын чегине жеткенге чейинки мөөнөткө шайланды.