Меню навигации+

Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунда 2022-жылдын жыйынтыктары чыгарылды

10.02.2023

2023-жылдын 9-февралында Конституциялык соттун судьяларынын жана аппарат кызматкерлеринин катышуусу менен Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун 2022-жылдагы ишмерлигинин жыйынтыктарын чыгаруу боюнча жылдык жыйын болуп өттү. Жыйын Түркия менен Сириядагы жер титирөөдөн каза болгондорду эскерүү мүнөтүнөн башталды.

 

Конституциялык соттун судьялары Конституциялык соттун жана анын аппаратынын өткөн жылдагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктары боюнча аппарат жетекчиси Марат Джаманкуловдун баяндамасын угушту.

 

Конституциялык соттун төрагасы Эмиль Осконбаев өткөн жылдын эсебинен судьялардын жана аппарат кызматкерлеринин үзүрлүү иштерин баалады. Жыйындын жүрүшүндө Конституциялык соттун иши боюнча, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 30 жылдыгына карата масштабдуу иш-чараны ишке ашыруу боюнча пландар белгиленген. Конституциялык соттун судьялары тарабынан Конституциялык соттун ишин жакшыртуу боюнча сунуштар киргизилди.

 

Иш-чаранын жүрүшүндө аппарат жетекчиси Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун Конституциянын кабыл алынышынын 30 жылдыгын майрамдоо демилгеси Президент Садыр Жапаровдун Жарлыгы менен колдоого алынганын да маалымдады.

 

2022-жылы Конституциялык сотко 68 кайрылуу келип түшкөн, алардын ичинен Конституциялык соттун судьялар коллегиясы кайрылууну өндүрүшкө кабыл алуу жөнүндө 21 аныктама, кайрылууну өндүрүшкө кабыл алуудан баш тартуу жөнүндө 47 аныктама чыгарган.

 

Жалпысынан 2022-жылы Конституциянын тийиштүү ченемдерине 7 ченемдик укуктук акт карама-каршы келбейт, 1 ченемдик укуктук акт жарым-жартылай карама-каршы келет жана 2 ченемдик укуктук акт толугу менен карама-каршы келет деп таанылган, 10 отурум өткөрүлдү. Ошону менен бирге, Конституциялык соттун 8 чечиминде колдонуудагы укуктук жөнгө салууга тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизүү зарылдыгы туурасында тапшырма берилген.

 

Ошондой эле кайрылууларды өндүрүшкө кабыл алуудан баш тартуу жөнүндө судьялар коллегиясынын аныктамаларына даттануулар боюнча Конституциялык соттун 11 токтому кабыл алынды.

 

Өткөн жылы конституциялык укуктарды жана эркиндиктерди коргоо үчүн конституциялык контролдоо органына келип түшкөн кайрылуулардын саны өткөн жылдарга салыштырмалуу кыйла өстү, бул жарандардын конституциялык укуктарды коргоого болгон кызыгуусунун өсүшүнөн кабар берет.

 

Кайрылуу субъектилери боюнча:

  • жеке жактар – 58 (85,3%)
  • юридикалык жактар – 3 (4,4%)
  • судьялар – 3 (4,4%)
  • мамлекеттик органдар жана кызмат адамдары – 4 (5,9%)

 

Региондор жана шаарлар боюнча келип түшкөн кайрылуулар:

  • Бишкек – 49
  • Ош – 7
  • Жалал-Абад – 4
  • Чуй – 4
  • Нарын – 3
  • Иссык-Көл -1

Талас жана Баткен областарынан кайрылуулардын субъектилери жок.

 

2022-жылы келип тушкөн кайрылууларда  ар кыл 82 ченемдик укуктук актылардын конституциялуулугун текшерүү жөнүндө талаптар камтылган. Анын ичинде, Конституциянын ченемдерине расмий түшүндүрмө берүү жөнүндө 2, Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Мыйзам долбооруна корутунду берүү жөнүндө 1 жана Жогорку Соттун Пленумунун токтомунун конституциялуулугун текшерүү жөнүндө 1 кайрылуу.