Меню навигации+

Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө мамлекеттердин (TÜRK-AY) жана Ислам дүйнөсүнүн мамлекеттеринин (İDAY) конституциялык юрисдикцияларынын конференциялары

28.12.2022

2022-жылдын 22-25-декабрында Стамбулда Түркия Республикасынын Конституциялык сотунун төрагасы Зухту Арслан мырзанын чакыруусу боюнча Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун төрагасы Эмил Осконбаев башында турган делегациясы Ислам дүйнөсүнүн мамлекеттеринин конституциялык юрисдикцияларынын конференциясына катышты (İDAY). Иш-чаранын жүрүшүндө уюмдун уставы кабыл алынды. Ага дүйнөнүн 36 өлкөсүнөн конституциялык көзөмөл жүргүзгөн жогорку сот бийлигинин 136 өкүлү катышты.

 

Ошондой эле сапардын алкагында Эмиль Осконбаев Түркия, Кыргызстан, Азербайжан, Казакстан, Өзбекстан уюштуруучу болгон Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө мамлекеттердин конституциялык юрисдикцияларынын конференциясынын (TÜRK-AY) биринчи отурумуна катышты, ал эми Түндүк Кипр жана Түркмөнстан бул уюмда байкоочу катары чыгышты.

 

Эки ири институттун түзүлүшүнүн урматына эл аралык конференция уюштурулуп, ага Түркия президенти Режеп Тайып Эрдоган катышып, сөз сүйлөдү.

 

“Белгилүү болгондой, конституциялык сот бийлигинин чөйрөсү кенен. Бүгүнкү күндө конституциялык соттор конституциялык укуктарды жана эркиндиктерди коргоонун алмаштырылгыс институттары”, – деди Түркиянын президенти. Ал Ислам дүйнөсүнүн конституциялык көзөмөлүнүн жогорку сотторунун башчыларына конференцияга катышкандыгы үчүн ыраазычылык билдирди. “Ислам дүйнөлүк конституциялык сот тутумунун конференциясынын алкагында конституциялык көзөмөл жүргүзүүчү жогорку сот органдарынын кызматташуусу жана тажрыйба алмашуусу чоң мааниге ээ”, – деп кошумчалады Режеп Тайип Эрдоган.