Меню навигации+

Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы куралдуу кагылышуунун натыйжасында курман болгондордун элесине мүнөттүк аза күтүү зыйнаты

19.09.2022

#ConstsotKG

◼️Бүгүн, саат 10.00дө кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы куралдуу кагылышуунун натыйжасында курман болгондордун элесине мүнөттүк аза күтүү зыйнаты өткөрүлдү.

Кыргыз Республикасынын Президенти С.Жапаровдун 2022-жылдын 19-сентябрын Кыргызстандагы улуттук аза күтүү күнү деп жарыялоо тууралуу Жарлыгына ылайык кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалдын натыйжасында курман болгон жарандарды эскерүү максатында Конституциялык сотто желек түшүрүлдү.