Меню навигации+

Конституциялык сот жана Дүйнөлүк банк сот органдарын санариптештирүү  маселелерин талкуулашты

02.11.2023

Бүгүн, 2023-жылдын 2-ноябрында, Конституциялык сотто Дүйнөлүк банктын миссиясынын башчысы-мамлекеттик сектор боюнча улук адис Клаус Декер менен жолугушуу болуп өттү.

Жолугушууга Конституциялык соттун Төрагасы Эмил Осконбаев, судья Чинара Айдарбекова, аппарат жетекчиси Каныбек Масалбеков, Дүйнөлүк банктын консультанттары Уран Эсенгелдиев жана Алия Маралбаева катышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун төрагасы Эмиль Осконбаев миссиянын көңүлүн конституциялык сот өндүрүшүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу жана алыскы аймактардагы жарандардын сот адилеттигине жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу үчүн электрондук сот өндүрүшүн киргизүү зарылдыгына бурду.  Тараптар ошондой эле санариптик технологиялар, маалыматтарды сактоо жана программалык камсыздоо маселелерин талкуулашты.

Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча Конституциялык соттун төрагасы сот процессине санариптик технологияларды киргизүү реформалоонун маанилүү милдеттеринин бири болуп саналат деп белгиледи. “Технологиялар сот өндүрүшүн тездетип, ошондой эле жарандардын ишенимин жогорулатат, ал эми электрондук сот өндүрүшүн киргизүү процесстик жана башка документтер менен ишти жөнөкөй жана ыңгайлуу кылат, иштерди кароо мөөнөттөрүн кыйла тездетүүгө, соттордун да, сот процессинин катышуучуларынын да чыгымдарын азайтууга мүмкүндүк берет” –  деп белгиледи  Э.Өскөнбаев.

Дүйнөлүк банктын техникалык миссиясынын өкүлдөрү Кыргызстанга сот органдарын санариптик трансформациялоо боюнча мамлекеттин пландарын колдоо максатында сот системасына функционалдуу сереп жүргүзүү үчүн келишкен.