Меню навигации+

5-март- Кыргыз Республикасынын сот системасынын кызматкерлеринин күнү

05.03.2024

Урматтуу кесиптештер жана Кыргыз Республикасынын сот системасынын кызматкерлери!
 

Сиздерди Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун атынан бүгүнкү – Кыргыз Республикасынын сот системасынын кызматкерлеринин күнү менен чын дилимден куттуктайм!
 
Бул күн – Сиздердин сот адилеттигин орнотууда жана мыйзамдарды аткарууда каарман эмгегиңизди белгилей турган өзгөчөлүү күн. Сиздердин адилеттүүлүктү жана укук тартибин камсыздоого кошкон салымыңыз укуктук мамлекетти өнүктүрүүдө негизги ролду ойнойт.
 
Сот системасы – бул тартип сакчысы, жарандардын укуктарынын жана эркиндиктеринин кепилдиги болуп саналат. Сиздердин жооптуу ишиңиздер жогорку кесипкөйлүктү, адилеттикти жана калыстыкты талап кылат. Мыйзамдуулукту камсыз кылуу жана жарандардын сот адилеттигине болгон ишенимин бекемдөө үчүн маанилүү ишти жасап жатасыздар.
 
Баа жеткис эмгегиңиздер жана кесипкөйлүгүңүздөр үчүн чын жүрөктөн ыраазычылыгымды билдирем. Сиздердин күч-аракет коомдогу туруктуулукту жана адилеттүүлүктү камсыз кылууга багытталган. Өлкөбүздүн бакубаттагы үчүн Сиздерге мындан аркы жаратман ийгиликтерди, ар бириңизге чың ден соолук жана үй-бүлөдөгү бейпилдикти каалайм.
 
Майрамыңыздар менен, урматтуу кесиптештер! Сиздердин миссияңыз ар дайым адилеттүүлүктүн бийик стандарттары жана конституциялык принциптерди урматтоо менен байланышта болсун!

Урматтоо менен, Э.Осконбаев