Меню навигации+

Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун төрагасы Минск шаарында өткөн Беларусь Республикасынын Конституциялык сотунун 30 жылдыгына арналган эл аралык конференцияда доклад менен чыгып сүйлөдү

08.04.2024

Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун төрагасы Эмиль Осконбаев жана Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун судьясы Меергуль Бобукеева Беларусь Республикасынын Конституциялык сотунун 30 жылдыгына арналган «Конституциянын үстөмдүгү: конституциялык өзгөртүүлөр жана конституциялык контролдоонун азыркы өнүгүшү» аттуу эл аралык конференциясына катышты.

Бул конференция 2024-жылдын 4-5-апрелинде Минск шаарында өтүп, анда КМШ өлкөлөрүнүн конституциялык сотторунун жетекчилери чогулду.

Конференциянын ачылышында сүйлөгөн сөзүндө Эмиль Осконбаев мамлекеттин социалдык, саясий жана экономикалык туруктуулугунун негизги элементи катары Конституциянын туруктуулугунун жана бузулбастыгынын маанисин баса белгиледи. Ал мындай деп белгиледи: «Биз баарыбыз биротоло түшүнүшүбүз керек: Конституциянын жана ага негизделген бүтүндөй укуктук системанын туруктуулугу – социалдык, саясий, экономикалык, акыр аягында мамлекеттин туруктуулугунун жана өлкөнүн гүлдөп-өнүгүшүнүн кепилдиги».

Ошондой эле Конституциянын бузулбастыгы аны мамлекеттин саясий, укуктук жана коомдук турмушунун ченемдеринин негизги тутуму катары узак мөөнөттүү пайдаланууну болжолдойт, – деп баса белгиледи Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун башчысы.

Конференция конституциялык контролдоону жүзөгө ашыруу жана конституциялык укук тартибин камсыз кылуу жаатында тажрыйба алмашуу, ошондой эле чакырыктарды жана укуктук иштин ушул маанилүү чөйрөсүн өнүктүрүүнүн келечектерин талкуулоо үчүн маанилүү аянтча болду.