Меню навигации+

Конституциялык соттун судьясы Лунара Жолдошева Судьялар кеңешинин «Кыргыз Республикасынын сот тутумуна сиңирген эмгеги үчүн» медалы менен сыйланды

02.09.2026

Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңеши Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун судьясы Лунара Чаткалбековна Жолдошеваны «Кыргыз Республикасынын сот тутумуна сиңирген эмгеги үчүн» медалы менен сыйлады.

 

Жогорку сыйлык Кыргыз Республикасынын сот тутумун өнүктүрүүгө кошкон кесиптик салымы, судьялык милдеттерин ак ниеттүү аткаргандыгы, ошондой эле судьялар коомчулугунун органдарынын ишине активдүү катышкандыгы үчүн берилди.

 

Лунара Чаткалбековна Жолдошева Конституциялык соттун судьясынын ыйгарым укуктарын аткаруу менен катар судьялар коомчулугунун органдарынын ишине активдүү катышып келет. Судьялар кеңешинин Тартип комиссиясынын төрагасынын орун басары катары ал судьялардын мыйзамдардын талаптарын жана судьялык этиканын ченемдерин сактоосуна байланышкан маселелерди кароого катышат.