Конституциялык соттун судьясы Чинара Айдарбекова Астанада өткөн эл аралык диалогдук аянтчага катышты
2026-жылдын 28–29-апрелинде Астана шаарында (Казакстан Республикасы) Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун судьясы Чинара Аскарбековна Айдарбекова Women in Justice Empowerment Breakfast эл аралык диалогдук аянтчасына, ошондой эле Young Professionals in Justice интенсивдүү билим берүү курсуна катышты.
Мотивациялык эртең мененки жолугушуу форматында өткөн диалогдук аянтча сот адилеттиги системасында аялдардын ролун бекемдөөгө арналды. Иш-чаранын жүрүшүндө Борбор Азиядагы аял-судьялар альянсынын институционалдык өнүгүүсү, Эл аралык аял-судьялар ассоциациясы (IAWJ) менен өз ара аракеттенүүнү кеңейтүү, ошондой эле аярлуу топторду коргоо жана гендердик зомбулукка каршы аракеттенүү боюнча ведомстволор аралык кызматташуунун натыйжалуу механизмдери талкууланды.
Чинара Айдарбекова талкууларга активдүү катышып, өзүнүн практикалык тажрыйбасы менен бөлүшүп, сот системасында аялдардын ролун күчөтүүнүн, региондук кызматташууну өнүктүрүүнүн жана сот адилеттигин ишке ашырууда гендердик сезимтал ыкмаларды киргизүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.
Young Professionals in Justice билим берүү курсунун алкагында укуктун үстөмдүгү принцибин камсыз кылуу, сот адилеттигине жеткиликтүүлүктү кеңейтүү, сот системасын санариптештирүү, ошондой эле укуктук аргументтөө жана коммуникация көндүмдөрүн өнүктүрүү маселелери каралды.
Бул иш-чарага катышуу эл аралык тажрыйба алмашууга жана сот адилеттигинин азыркы чакырыктарын талкуулоого мүмкүнчүлүк берди.









