Меню навигации+

Ж. Баласагын атындагы КУУнун студенттери Ачык эшиктер күнүнүн алкагында Конституциялык сотто болушту

09.04.2026

Бүгүн, Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунда Конституция күнүнө карата уюштурулган иш-чаралардын алкагында кезектеги Ачык эшиктер күнү өттү. Иш-чарага Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин юридикалык факультетинин студенттери катышты.

 

Болочок юристтер Конституциялык сотту чечим кабыл алуучу орган катары гана эмес, конституциялык адилеттикти камсыз кылган жандуу механизм катары көрүүгө мүмкүнчүлүк алышты. Экскурсия соттун имараты менен таанышуудан башталып, студенттерге органдын түзүлүү тарыхы, мамлекеттик бийлик системасындагы орду жана ишмердүүлүгүнүн негизги багыттары тууралуу маалымат берилди. Өзгөчө көңүл жарандардын кайрылууларын кароо практикасына жана Конституциянын үстөмдүгүн камсыздоого бурулду.

 

Программанын  уландысы катары Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун төрагасынын орун басары Карыбек Арстанбекович Дуйшеев менен жолугушуу өттү. Ачык жана бейформал баарлашуу учурунда ал өзүнүн кесиптик тажрыйбасы менен бөлүшүп, конституциялык сот адилеттигинин иш жүзүндөгү өзгөчөлүктөрү, сот бийлигинин көз карандысыздыгынын мааниси жана чечим кабыл алууда жогорку жоопкерчилик тууралуу айтып берди.

 

Жолугушуунун өзгөчө бөлүгү катары студенттер кеңешме бөлмөсүнө — иштер боюнча акыркы чечимдер кабыл алынган жайга барышты. Алар укуктук позициялар калыптануучу атмосфераны сезип, кызыктырган суроолоруна жооп алышты.

 

Жолугушуунун жыйынтыгында Карыбек Арстанбекович студенттерге кайрылып, келечектеги юристтер үчүн принципиалдуулук, чынчылдык жана үзгүлтүксүз кесиптик өнүгүү маанилүү экендигин  белгиледи.

 

Мындай иш-чараларды өткөрүү жаштардын укуктук маданиятын жогорулатууга жана Конституцияга, ошондой эле сот адилеттиги институттарына болгон урмат-сыйды калыптандырууга багытталган.