Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту Конституция күнүнө арналган Конституционализм мектебин Манас шаарында өткөрдү
Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту 2026-жылдын 23–24-апрелинде Манас шаарында «Конституционализм мектеби» долбоорунун алкагында эки иш-чара өткөрдү. Өз-өзүнчө уюштурулган бул билим берүү багытындагы иш-чаралар – судьялар коомчулугуна жана академиялык чөйрөнүн өкүлдөрүнө арналды. Мындай формат практик юристтер менен да, келечектеги адистердин укуктук аң-сезимин калыптандырган өкүлдөр менен да предметтик диалог жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк берди.
Биринчи күн: судьялар менен ачык кесиптик диалог
23-апрелде Манас шаарындагы Сот адилеттиги үйүндө судьялардын жана региондун сот тутумунун өкүлдөрүнүн катышуусунда жолугушуу өттү.
Иш-чараны Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун төрагасы Эмиль Осконбаев жана Жалал-Абад облустук сотунун төрагасы Жыпар Сабырова куттуктоо сөздөрү менен ачышты.
Талкуунун негизги темасы мамлекет менен коомдун туруктуу өнүгүүсүнүн негизи катары конституционализмдин ролу болду. Катышуучулар негизги конституциялык баалуулуктарды, айрыкча калыстык менен сот адилеттигин жүргүзүү, мыйзамдарды жана укук колдонуу практикасын өркүндөтүүдөгү конституциялык юстициянын ролу бөлүгүндө жаңы өңүттө талдап чыгышты.
Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун судьясы Чинара Айдарбекова айрым чечимдер боюнча практикалык сереп сунуштап, татаал укуктук маселелерди чечүүдө укуктун принциптери менен укуктук доктриналар кандай колдонуларын көрсөтмөлүү айтып берди.
Ачык диалог форматы өзгөчө кызыгуу жаратты: катышуучулар суроолорду берип, пикирлери менен бөлүшүп, сот практикасындагы учурдун чакырыктарын талкуулашты.
Экинчи күн: илимий жана билим берүү коомчулугу менен жолугушуу
24-апрелде Жалал-Абад мамлекеттик университетинин конференц-залында окутуучуларга, изилдөөчүлөргө жана студенттик аудиторияга багышталган экинчи иш-чара өттү.
Иш-чараны университеттин ректору Кенешбек Усенов жана Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун төрагасы Эмиль Осконбаев ачышты.
Иш-чарада Конституциянын укуктук мамлекеттин пайдубалы катары мааниси, глобалдык процесстердин улуттук укуктун өнүгүшүнө тийгизген таасири, учурда дүйнөдөгү конституциялык көзөмөл органдарынын ролу жана коомчулук үчүн укуктук агартуунун маанисинин маселелери каралды.
Судья Чинара Айдарбекованын баяндамалары катышуучулардын арасында жигердүү дискуссия жаратып, академиялык чөйрөнүн конституциялык сот адилеттигинин маселелерине болгон жогорку кызыгуусун дагы бир ирет тастыктады.
Эки иш-чаранын жыйынтыгы боюнча катышуучуларга сертификаттар тапшырылды.
Манас шаарында өткөн Конституционализм мектеби укуктук агартуу, сот институттарынын ачыктыгы жана түздөн-түз кесиптик диалог өлкөдө конституциялык баалуулуктарды бекемдөөнүн жана укуктук маданиятты жогорулатуунун маанилүү бөлүгү экендигин дагы бир жолу тастыктады.













