КР Конституциялык сотунун судьялары ЖОЖдордун студенттери үчүн жерине баруу менен лекцияларды өткөрүштү
Конституциялык баалуулуктарды илгерилетүү жана жаштардын укуктук маданиятын жогорулатуу максатында Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун судьялары өлкөнүн жогорку окуу жайларында жерине баруу менен лекциялардын сериясын өткөрүштү.
Судьялар Чинара Аскарбековна Айдарбекова жана Меергүл Рыскулбековна Бобукеева Кыргыз улуттук университетинин жана Ала-Тоо эл аралык университетинин студенттери менен жолугуп, ачык диалог форматында конституциялык өнүгүүнүн актуалдуу маселелерин талкуулашты.
Лекциялар салттуу академиялык форматтан чыгып, теориялык аспекттер менен катар судьялар өз ишмердүүлүгүнөн алынган практикалык кейстер менен бөлүшүп, Конституциянын ченемдери реалдуу укук колдонуу практикасында кандай иштей турганын айкын көрсөтүштү.
Көңүл борборунда укуктун үстөмдүгү, адамдын укуктары менен эркиндиктерин коргоо маселелери, ошондой эле мамлекеттик системанын туруктуулугун камсыздоодо жана бийлик бутактарынын тең салмактуулугун сактоодо Конституциялык соттун ролу болду.
Студенттердин бул маселелерге кызыгуусу активдүү талкууда айкын көрүнүп, алар Конституциялык сотко кайрылуунун механизмдери тууралуу суроолорду беришти, конституциялык сот өндүрүшүнүн учурдагы негизги маселелерин жана укуктук мамлекетти бекемдөөдөгү жаштардын ролун талкуулашты.
Мындай жолугушууларды өткөрүү студенттердин билим деңгээлин кеңейтүү менен гана чектелбестен, Конституцияны демократиялык жана укуктук мамлекеттин өнүгүшүн аныктаган негизги баалуулук катары аң-сезимдүү кабылдоону калыптандырат.









