КР Конституциялык сотунун судьясы Чинара Айдарбекова эки илимий-практикалык конференцияга катышты
2026-жылдын 15 жана 16-апрелинде Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун судьясы Чинара Аскарбековна Айдарбекова Бишкек шаарында өткөн Кыргыз Республикасынын укуктук тутумун өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелерине арналган эки илимий-практикалык конференцияга катышты.
15-апрелде судья «Санариптик экономика шарттарында ишкердик укугу менен жарандык процесстин трансформациясы: чакырыктар жана келечек багыттар» аттуу эл аралык илимий-практикалык конференцияда сөз сүйлөдү.
Пленардык жыйындын алкагында Чинара Айдарбекова «Кыргыз Республикасынын конституциялык контролдоо органынын укуктук позицияларындагы ишкердик укугу менен жарандык процессти өнүктүрүүнүн конституциялык-укуктук аспектиси» темасында баяндама жасады.
Баяндамада санариптештирүүнүн азыркы укуктук тутумга тийгизген таасири, жеке менчик институтунун трансформациясы, банктык сыр эволюциясы, жеке маалыматтарды коргоо, ошондой эле соттук коргоонун санариптик механизмдерин өркүндөтүү маселелери көтөрүлдү.
16-апрелде судья Илим күнүнө арналган «Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын өркүндөтүүнүн актуалдуу маселелери» аттуу жыл сайын өтүүчү жогорку окуу жайлар аралык студенттик илимий-практикалык конференцияга катышты. Иш-чара Россия Федерациясынын биринчи Президенти Б.Н. Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университетинде өттү.
Конференциянын алкагында Чинара Айдарбекова «Конституциялык юстиция укуктук өнүгүүнүн системалык көйгөйлөрүнүн көрсөткүчү катары:азыркы чакырыктар жана Кыргыз Республикасынын укуктук тутумун өркүндөтүүнүн келечеги» аттуу баяндама жасады.
Баяндамада мыйзамдардын сапаты, укуктук аныктык, реформалардын системалуулугу, Конституциялык соттун укуктук жөнгө салуудагы боштуктарды жана карама-каршылыктарды аныктоодогу ролу, ошондой эле улуттук мыйзамдарды жаңылоодогу юридикалык илимдин мааниси маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.
Мындай илимий аянтчаларга катышуу кесиптик диалогду өнүктүрүүгө, тажрыйба алмашууга жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын өркүндөтүүнүн заманбап ыкмаларын иштеп чыгууга өбөлгө түзөт.







